Казакстанда бешинчи Европалык онлайн-кино фестиваль башталды

Драмалар менен комедиялардан тартып анимациялык жана даректүү тасмаларга чейин. Казакстандагы 5-Европалык кинофестиваль алкагында 18 мыкты тасма көрсөтүлөт. Иш-чара 20 күнгө созулуп, толугу менен онлайн форматта өтөт. Аны Евробиримдиктин Казакстандагы Өкүлчүлүгү уюштурууда. Жергиликтүү көрүүчүлөрдүн назарына сунуштала турган чыгармалардын көпчүлүгү беделдүү эл аралык кинофестивалдардын жеңүүчүлөрү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында эксклюзивдүү дискуссиялар, мастер-класстар, европалык жана казакстандык режиссёрлор менен жолугушуулар пландалган. Анын негизги максаты - казакстандык көрүүчүлөрдү Европа киносу менен тааныштыруу, кинематография искусствосуна коомчулуктун кызыгуусун арттыруу жана натыйжада эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

МАЧЕЙ МАДАЛИНСКИ, КАЗАКСТАНДЫН ЕБ САЯСАТ, БАСМА СӨЗ ЖАНА МААЛЫМАТ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз казакстандык көрүүчүлөр үчүн заманбап Европанын көйгөйлөрү менен таанышуу канчалык кызыктуу экендигин билебиз. Бүгүн Европада миграция, жаштар, дин, айлана-чөйрө, климаттын өзгөрүшү жана адам укуктары сыяктуу көптөгөн маселелер башкы талкууда.  Мисалы, фестивалды ачкан биринчи фильм "Чамбра" – бул биргелешкен эмгек. Аны тартууга Италия, Америка жана Бразилия мамлекеттери катышты. Анда  Италиянын түштүгүндө жүргөн мигрант жигиттин жашоосу жана жеке көйгөйлөрү жөнүндө баяндалат. Ал эми фестивалдын жабылуу аземинде көрсөтүлө турган фильм Эстонияда жашаган, жашоосу ийгиликтүү болушун каалаган аял жөнүндө тартылган испан тасмасы. Башкача айтканда, ар кандай темадагы тасмалар сунушталат.

 

Фото: brod.kz


×