«Астана Балет» театрында премьера

«Мырза терек тууралуу уламыш». «Астана Балет» театрында казакстандык хореограф Анвара Садыкова койгон балеттин премьерасы болуп өттү. Спектаклде учурдагы дүйнөнүн чоң жана актуалдуу көйгөйү – адамзаттын жаратылыш дүйнөсүнө кол салуусунун кесепеттери баяндалат. Хореографтын айтымында, тамыры тереңде жаткан мырза терек туруктуулуктун жана күч-кубаттын символу. Спектакль сюжетинде казак талаасынын тагдыры менен байланыш байкалат.

АНВАРА САДЫКОВА, ХОРЕОГРАФ:

- Бул балетте биз эки негизги нерсени көрсөткүбүз келди. Адам менен жаратылыштын кагылышуусун жана жалпы эле биздин элдин туруктуулугу. Албетте, мени биринчи кезекте Куат Шилдебаевдин “Тораңгы муңу” аттуу сонун чыгармасы шыктандырды. Бул балет - өз мекенине, өзүңө өзүң кайтуу дегенди билдирет. Мисалы, сиз бир жакка барасыз, бирок милдеттүү түрдө өзүңүздүн мекениңизге кайтып келесиз. Бул балет сенин ата-бабаларыңдын күчү, туулган жериңдин кубаттуулугу жана адам менен жаратылыштын кагылышуусу жөнүндө.

Спектаклде классикалык хореография менен казактын улуттук бийи мыкты айкалыштырылган. Ага жалпысынан 40 ашуун артист катышты. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, сахна жасалгасынын автору Жандос Омаров көрүүчүлөргө чыныгы дүйнөнү көрсөтүү үчүн чыныгы күзгү дарак токоюн жараткан. Ал жалпысынан саны отуз миңден ашкан жалбыракты атайын кездемеден даярдап чыгарган.

 

Фото: astanaballet.com


×