Нур-Султанда ата мекендик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда ата мекендик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада белгилүү казак сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Көрүүчүлөр казакстандык сүрөтчүлөрдүн ар кайсы жылдарда жараткан ар кандай багыттагы көркөм чыгармаларын көрө алышат. Салтанатка авторлор менен катар интеллигенция өкүлдөрү катышты. Казак агротехникалык университетинин искусство факультетинде ачылган көргөзмөнүн демилгечиси Бекболат Байсагатов саналат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө башка таланттуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен толуктала берет.

ӨМИРАЛИ ИСМАИЛОВ, АСТАНА СҮРӨТЧҮЛӨР БИРИМДИГИНИН БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

- Көргөзмөдө  Уки Ажиевдин дагы эмгектери бар экен, ал 60-жылдардын белгилүү сүрөтчүсү. Бир кезде биздин өлкөбүздү солкулдатып, ошол мезгилдеги күчтүү сүрөтчүлөрдүн бири болгон. Ошондой эле Алпыспай Казгулов, Сенбигали Сумагулов, Арип Бахытжан, Байтенов Мажит агаларыбыздын да сүрөттөрү бар. Бүгүнкү күндө өзүм да ушул көргөзмөнүн ачылыш аземине байланыштуу кол эмгегимдин бирөөсүн белекке алып келдим.

 

Фото: kazatu.edu.kz


×