«Longing» & «Instinct»: «Астана Балет» сахнасындагы эки премьера

«Longing» & «Instinct»: «Астана Балет» сахнасындагы эки премьера

«Астана Балет» театры көрүүчүлөрүн таң калтырат. Тогуздун айынын 30 жана 31 эки күн катары менен борбор калаанын көрүүчүлөрүн эмоцияларга толгон, сахна минимализм менен кооздолгон өзгөчө спектакль күтөт. Биринчи жолу «Астана балет» сахнасында театрдын алдыңкы солисти - Дэвид Джонатандын «Instinct»  аттуу эмгеги, аны менен катар, казакстандык көрүүчүлөргө белгилүү хореограф Рикардо Амарантенин «Longing» аттуу спектакли сунушталат. Бул жаатта Рикардо Амарантенин эмгектери театрдын репертуары менен башкы концерттик жана гастролдук программаларына  шайкеш келгенин айта кетүү керек. Ал эми анын аргентиналык композиторлору Астор Пьяццолла менен Пабло Циглердин музыкасына жазылган «Longing» аттуу жаңы балетинде актёрлордун ар бир кыймылында көрүүчүлөрдү модернисттик жана неоклассикалык чечимдер күтүп турат, бирок тангонун таң калыштуу элементтери унутта калган эмес. Хореографтын айтымында, бул спектакль ар бир көрүүчүнүн жашоосу, сүйүүсү жана мамилелери жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берет.

РИКАРДО АМАРАНТЕ, «LONGING» БАЛЕТИНИН КОЮУЧУ-СҮРӨТЧҮСҮ, ЧАКЫРЫЛГАН ХОРЕОГРАФ:

- Балет «Longing» деп аталат. Которо турган болсок, бул "каалоо" дегенди билдирет, же башкача айтканда, Desire - бир нерсеге болгон күчтүү каалоо, каалоого болгон куштарлык.  Бул балет кемчиликсиз эркек жана кемчиликсиз аял жөнүндө. Адатта өзүбүз оюбуздан кураштырып алган, өзүбүз ошондой болгубуз келген  кемчиликсиз адам жөнүндө. Менде мындай миӊдеген идея бар. Андан тышкары, биз баарыбыз үйдө болгон кезде, оюбузга күн сайын жаңы идеялар, жаңы пландар келди. Ал идеялар ар дайым биздин башыбызда болгон эле. Белгилүү бир чыгарманы жараткан чыгармачыл адам катары, жаңы дүйнөнү түзүп жатканда биз "ачка" болгонбуз деп айта алам.

АЛЕКСАНДР СОВОСТЬЯНОВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ :

- Бул - сүйүү тууралуу баяндаган заманбап балет. Анын экөөндө тең биз ар дайым күткөн жомок бар. Бирок бул балеттерде адамдар ортосундагы сүйүү, чыныгы сезим көбүрөөк чагылдырылган. Эгерде адамдар арасында эч кандай сезим болбосо, биз робот болмокпуз деген түшүнүк жатат. Ал эми азыр биз жан дүйнөбүздө сезими бар адам болуп саналабыз. Негизи жашоонун маңызы да сезимде жатат.

 

Фото: the-village.kz


×