Каракат Башанова Junior Eurovision гранд-финалына даярданып жатат

Каракат Башанова Junior Eurovision гранд-финалына даярданып жатат

Улуттук тандоодо жеңишке жеткен Каракат Башанова Junior Eurovision 18-эл аралык ыр сынагына даярданып жатат. Таланттар сынагына бир ай гана убакыт калганына карабастан, чыгармачыл топ 12 жашар кыздын татыктуу деңгээлде өнөр көрсөтүүсү үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Сынакта ал атасына арналган «Forever» ырын аткарат.

АНДРЕЙ ХВАН, НОМЕР РЕЖИССЁРУ:

- Номер ар бир көрүүчүгө түшүнүктүү болушу үчүн аракет кылып жатабыз, анткени биздин ыр бир аз кайгылуу. Ошондуктан көрүүчүнүн жүрөгүнө жол таап, анын маанисин жеткирүү өтө маанилүү. Бул куру ыр эмес, жашоо жөнүндө.

Балдар Евровидениеси сынагынын талаптарына ылайык, компьютердик графиканы колдонууга болбойт. Ошондуктан декорация менен реквизитке өзгөчө көңүл бурулду. Дизайнерлердин айтымында, реалдуулукка жетүү оңой болгон жок. Ал үчүн ак түс тандалды. Каракаттын костюму да бирдей түстө. Аткаруучунун сахна костюмуна 12 метрлик илмек тигип чыгуу  үчүн бир нече чебер бир жума сарпташкан.

АНАРБЕК ЖАРДЕМОВ, СТИЛИСТ:

- Коркунуч жок. Жеңишке болгон каалоо бар. Анткени даярдыгыбыз мыкты, эл аралык деңгээлде десек да болот. Биз катаал атаандаштыкка даярбыз. Сынакка да  даярбыз.

Каракаттын өзүнүн да жеңиштен үмүтү чоң.

КАРАКАТ БАШАНОВА, JUNIOR EUROVISION ГРАНД-ФИНАЛЫНЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Мага сахна, спектакль жана декорациялардын баары жакты. Чыныгы адистер менен иштешкениме кубанычтамын. Мен талаптагыдай өнөр көрсөтүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайм.

Белгилүү ыр сынагынын гранд-финалы жетинин айынын 29-күнү «Хабар» телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

 

Фото: instagram.com


×