«Астана Опера» укмуштуудай балет кечтери топтомосун ачты

«Астана Опера» театрында көптөн күткөн укмуштуудай балет кечеси болуп өттү. Улуу искусствонун сахна төрүндө  бир эмес, бир нече мыкты бий көрүнүштөрү аткарылды. Масштабдуу программага театрдын фондундагы мыкты делген партиялар камтылган. Керемет кеченин биринчи бөлүгүндө «Бетховен - Түбөлүк сүйүү», «Корсар», «Кыялдагы бал», «Жоголгон Бейиш» жана «Талисман» балеттеринин оюн-зоокко толгон  үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ, ОРУСИЯНЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Биринчи бөлүмү нео, башкача айтканда, жаңы жана классикалык номерлерден түзүлдү. Кийин бул кызыктуу кеченин көшөгөсү жакында Раймонддун хореографиясында коюлуп, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапканга жетишкен «Азыркы саат канчага чейин созулат?» аттуу бир бөлүктөн турган спектакль менен жабылат. Бул заманбап музыкага салынган абдан татаал балеттердин бири.

Учурдагы санитардык талаптарга ылайык көрүүчүлөрдүн саны чектелүү болду. Искусство сүйүүчүлөр коому үчүн балет кечесин толугу менен онлайн режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Тогуздун айынын аягына чейин классика күйөрмандарын бир катар сюрприздер күтүп турат.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ, ОРУСИЯНЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Алдыда дагы бир гала-концерт болот. Тогуздун айынын 24 көрүүчүлөр масштабдуу бий программасына күбө боло алышат. Ал эми 31-күнү Ролан Петинин хореографиясында «Копеллия» балети көрсөтүлөт. Ал азил-тамаша көрүнүштөрүнө толгон  кызыктуу спектаклдердин бири. Андан кийин режиссёр келип, биз премьерага даярданабыз. Дагы бир катар кечелер өткөрүлөт. Алдыда көптөгөн пландар бар. Эң башкысы, ар бир гала-концертте, ар бир спектаклде биз өзүбүздү чыңдоо үчүн, көрүүчүлөргө кызыктуу болгондой  жаңы нерселерди киргизүүгө аракет кылабыз.

 

Фото: kazpravda.kz


×