Лондондо казакстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Лондондогу Cromwell Place көркөм сүрөт галереясында Алмагүл Менлибаева менен Ербосын Мелдибековдун чыгармаларына арналган көргөзмө ачылды. Экспозицияда  сүрөтчүлөрдүн жаңы сүрөттөрү менен катар, өз актуалдуулугун жогото элек белгилүү долбоорлор дагы коюлган. Мисалы, Ербосын Мелдибековдун «Трансформер» аттуу эмгеги Өзбекстандагы чакан парк жөнүндө баяндалат.

ПРЕСТОН БЕНСОН, CRONWELL PALACE КӨРКӨМ ГАЛЕРЕЯСЫНЫН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Бул көргөзмөдөгү менин сүйүктүү эмгегим бул Ташкенттин сүрөтүн чагылдырган «Трансформер» аттуу чыгармам. Анда 100 жыл ичинде эстеликтер бир нече жолу өзгөргөн. Бүгүнкү күндө Батыш коомунда ушундай абал орун алууда. Бул жерде көргөзмө өткөрүү абдан маанилүү, анткени батыштын көрүүчүлөрү биздин көз карашыбыз кандай экенин биле албай жатат. Борбордук Азиянын тарыхы абдан бай.

МЕРУЕРТ КАЛИЕВА, «АСМАН» ГАЛЕРЕЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Алар биздин авторлорго аябай кызыгуучулук менен карайт. Ербосын Мелдибеков, Алмагүл Менлибаева сыяктуу сүрөтчүлөр көптөгөн музейлерде эмгектери коюлган өнөрпоздор. Алар азыр өз эмгектерин бардык топтук көргөзмөлөргө коюуда. Лондондо алардын ишин көрсөтүү биз үчүн өтө маанилүү. Анткени Лондон маданият тармагынын  борбору болуп саналат. Башкача айтканда, бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан коллекционерлер жана лидерлер келишет.

Казакстандык авторлордун эмгегине дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коллекционерлер жана ар кандай музейлер кызыгуучулук артууда. Маселен, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы тоо тууралуу баяндалган  Ленин чокусу аттуу чыгарма 15000 еврого бааланат. Бүгүнкү күндө 4 чыгарманын үчөө сатылып алынган. Картинаны сатып алгандардын арасында Гонконгдогу белгилүү Заманбап искусство музейи бар.

БЛИЦ:

- Керемет. Ал тургай сүйүп калдым. Лондондо биринчи жолу коюлуп жаткан «Асман» галереясын өз жерибизде өткөрүү биз үчүн чоң сыймык. Чыгармалары абдан сонун. Уюштуруучулар жогорку деңгээлде ойлонуштурган.

- Булар мен үчүн жаңылык деп айта алам. Мага бул эмгек өзгөчө жакты. Албетте, мен үчүн мыктысы ушул. Анткени бул чыгарма башкалардан айырмаланып турат. Мага жакканы сүрөттөгү аял, жарык жана жалпы түзүлүш чагылдырылганы.

Ата мекендик чеберлердин эмгектери Лондондогу Алматы галереясы тарабынан сунушталды. Аталган галерея жыл сайын Казакстанда бир нече көргөзмө өткөрүп турат, ага 14 жакын Борбордук Азиялык сүрөтчү катышат. Ал эми Cromwell place галереясынын мүчөсү болгондуктан, алар жылына 4 жолу Улуу Британиянын борборунда казакстандык  авторлордун көргөзмөсүн уюштура алышат.

 

Фото: esquire.kz


×