Пекинде ШКУнун маданий жана спорттук мерчеми тааныштырылды

Йога менен бокстан баштап сүрөт сынагына чейин. Пекинде ШКУнун келерки жылга карата маданий жана спорттук иш-чараларынын программалары тааныштырылды. Пандемияга байланыштуу уюм көптөгөн иш-чараларды чыгармачыл көз караш менен кароого туура келди. Буга байланыштуу сынактар ​​менен спектаклдердин көпчүлүк бөлүгү онлайн форматка өттү. Деген менен уюштуруучулар алардан ала турган таасири өзгөрбөйт деп ишендирүүдө. Ошентип, бештин айынын 6 ондогон өлкөнүн миңдеген спортчусу марафонго катышат. Бир гана айырмачылыгы, бардык катышуучулар өз өлкөлөрүндө болушат.

ВЛАДИМИР НОРОВ, ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Быйылкы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ШКУнун Катчылыгы жана Юньнань провинциясынын Элдик өкмөтү бешинчи Куньмин марафонун онлайн режиминде бештин айынын  6 өткөрүүнү чечти. Биздин марафонго дүйнөнүн ар кайсы бурчунан профессионал спортчулар жана ышкыбоздор кытай, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болгон атайын тиркеме аркылуу катыша алышат.

Ошондой эле бештин айында 24-Шанхай өнөр көргөзмөсү да уюштурулат. Анда онлайн көргөзмөгө катыша турган балдардын сүрөттөрү коюлат. Буга чейин сынакка ШКУга мүчө 15 мамлекеттин беш жүздөн ашуун эмгеги сунушталган. Мындан тышкары, келерки жылы Уюм 20 жылдык мааракесин кеңири масштабда белгилейт. Анда салттуу медициналык форум жана кинофестивалдан баштап, студенттердин футболдук мелдешине чейин бир катар иш-чаралар мерчемделген.

 

Фото: russian.cgtn.com


×