«Астана Опера» сахнасында француз комедиясы

Таасирдүү хореография, кооз музыка, толкунданткан вокал жана монолог. Ага кызыктуу пантомиманы кошуңуз. Өткөн дем алыш күндөрү «Астана Опера» театрынын коноктору бир сахнада түрдүү өнөрдүн күбөсү болушту. Театрдын башкы дирижёру, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери Алан Бөрибаев өнөр сүйүүчүлөр коомунун назарына азил-тамаша аралаш эксклюзивдүү программасын тартуулады. Маэстро уникалдуу опера-симфониялык концертте Мольер, Вольтер менен Бомаршени, же француз комедиясынын негиздөөчүлөрүн бириктирди. Спектакль учурунда Алтын кылымдын классиктеринин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө очерктер сунушталды. Алан Бөрибаевдин өзү жазган монологу да аткарылды. Ошондой эле биринчи жолу театрдын сахнасында Моцарттын «Фигаронун үйлөнүү тою» операсынын экинчи бөлүгүнүн финалы болду. Өлкөнүн санитардык талаптарына ылайык, аудитория чектелүү болду. Ошондуктан өзгөчө концертти онлайн режимде көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

АЛАН БӨРИБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ДИРИЖЁРУ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Көп кырдуу искусствонун универсалдуу синтезин табууга аракет кылдык. Андыктан сахнада симфониялык оркестр менен симфониялык музыка аткарылды. Ошондой эле классикалык адабияттын жаркын үлгүлөрү болду. Балет, пантомима, опера ырчылары керемет чыгармаларды ырдашты. Мындан тышкары, заманбап технологиянын колдонулушу кечтин көркүн ачты. Видео жаздыруу жүргүзүлдү. Бул чындыгында ар кандай өнөрдүн концерти болду. Мындай өзгөчө жасалган уникалдуу концерттин окшоштугу бизде да, чет элде да жок.

 

Фото: zakon.kz


×