Карантиндин кесепетинен театрлардын кирешеси төмөндөп кетти

Карантин учурунда театрларга жана концерттик залдарга суроо-талап эки эсеге азайып кетти. Натыйжада биринчи жарым жылдыкта чыгармачыл, көркөм жана көңүл ачуучу мекемелердин кирешеси 21,5 миллиард теңгеден ашкан. Бул өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 17% га төмөн. Finprom.kz адистеринин айтымында, тармакта мындай төмөндөө акыркы 5 жылда болгон эмес. Алсак, карантин учурунда Астана Опера театры болжол менен 70 иш-чараны токтотууга аргасыз болгон. Бардык долбоорлор кийинкиге калтырылды. Бир катар спектаклдердин бетачарлары кийинки айлампага мерчемделип жатат. Аяк оона айында артисттер кадимки режимдеги жумушуна кайтып келишти. Бирок, карантин кезиндеги спектаклдердин түзүмү өзгөрдү. Учурда артисттердин саны эң аз катышкан спектаклдерге артыкчылык берилет. Ар бир даярдыктын алдында кварц кошулуп, сахна атайын суюктук менен жуулат. Мындан тышкары, мекеменин өзүнүн медициналык кызматкерлери бар. Ал кызматкерлер эки топко бөлүнүп иштеп жатышат. Көрүүчүлөрдүн саны да чектелүү: алар орундардын 50% гана ээлеши керек. Деген менен  мунун бардыгы жарым жылга жакын жабык турган театр жамаатынын ишине болгон ыкласына тоскоол болгон жок.

ВИКТОР КАРАРЕ, АСТАНА ОПЕРА МЕМЛЕКЕТТИК ОПЕРА ЖАНА  БАЛЕТ ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - Сегизинчи сезонду биз өзүбүз үчүн күтүүсүз,  бирок азыркы учурдагы кырдаалга туура келген өңүттө баштадык. Бардык артисттерибиз  алгачкы 50 көрүүчүнү чыдамсыздык менен күттү. Себеби сахналык спектаклдер үчүн бир топ ири жумуштар жасалды. Алар балет, кордебалет солистерибиз, опера артисттери жана хордун эмгектери. Ошондуктан бул спектаклдердин сахнага чыга турган күнүн чыдамсыздык менен күттүк.

 

Фото: 24.kz


×