Казакстандык өнөрпоздун Junior Eurovision-2020 сынагына клиби тартылды

Казакстандык өнөрпоздун Junior Eurovision-2020 сынагына клиби тартылды

Алматыда «Junior Eurovision 2020» эл аралык сынагында өлкө намысын коргой турган Каракат Башанованын «Forever» ырына клип тартылды. Видеодо жоокер, космонавт жана өрт өчүрүүчү сыяктуу кесиптерди тандаган адамдардын эрдиги баяндалат. Бул кооптуу кесипти тандап, үйүнө кайтпаган аталарга болгон балдардын эңсөөсү. Тартуу иштерине робот менен видео контентти бириктире турган декорация жасоого арналган рирпроекция колдонулду.

КАРАКАТ БАШАНОВА, УЛУТТУК  ТАНДООНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Даярдыктар жакшы жүрүп жатат. Баары жайында. Эми бир аз кооптонуу бар. Бирок баары ойдогудай болот деп ойлойм. Мага добуш бериңиздер. Себеби мен өзүмдү жана Казакстандын атын ушул дүйнөлүк аренада татыктуу коргойм деп сөз берем.

Видеодо Каракат үч түрдүү форма менен чыгат. Окуяны чындыкка айландыруу үчүн стилисттер алардын ар бирин кылдаттык менен ойлонуштурушкан. Эске сала кетсек, жетинин айынын 29 Каракат Junior Eurovision сынагында Казакстандын атынан чыгат. Эпидемияга байланыштуу ыр сынак ар бир катышуучунун өлкөсүндө телекөпүрө форматында өткөрүлөт.

 

Фото: egemen.kz