Нур-Султанда «Сагындырган ырлар-ай!» ретро ыр кечеси өтөт

Нур-Султанда «Сагындырган ырлар-ай!» ретро ыр кечеси өтөт

«Сагындырган ырлар-ай» концерти жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан салттуу ретро ырлар кечеси. Анын жүрүшүндө ата мекендик белгилүү жылдыздар эл сагынган ырларды аткарышат. Быйылкы концерт мурункудан башкача болот, себеби онлайн форматта өтөт. Долбоордун автору жана уюштуруучусу - Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Майра Ильясова быйыл казак эстрада жылдыздарын борбор калаада кайрадан бириктирет. Кечеде Нуржамал Үсенбаева, Майра Мухамед кызы, Алтынай Жорабаева, Гүлнар Оразымбетова, Айгүл Иманбаева, Маржан Арапбаева, Азамат Жылтыргөзов, Кайрат Байекенов, Меруерт Тусипбаева жана «Астана» филармониясынын таланттуу жаш ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Сагындырган ырларга толгон кечени биздин каналдын эфиринен жакын арада күтүңүздөр.


×