«Астана Опера» театрынын жаңы сезону: Балет труппасы көрүүчүлөр менен кайрадан жолугушту

«Астана Опера» театрынын жаңы сезону: Балет труппасы көрүүчүлөр менен кайрадан жолугушту

Өткөн дем алыш күндөрү «Астана Опера» театрынын жаңы сезону дүйнөлүк хореографиянын шедеврлери менен ачылды. Көрүүчүлөрдүн назарына «Ак куу көлү», «Париж Кудай энесинин собору», «Корсар» спектаклдеринен үзүндүлөр жана «Заман тынысы», Steppe Sons, «Коркыт» балеттеринен дуэттер сунушталды. Кеченин көркүн бир актылуу «Шахерезада» балети ачты. Балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратованын айтымында, карантиндик талаптарды жеңилдеткенден кийин гана артисттер залда бардык санитардык нормаларга ылайык даярдана баштады.

«Керемет сахнабыз менен көрүүчүлөрдү кандайча сагынгандыгыбызды сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Балет сезонунун ачылышы бардыгыбыз үчүн чоң кубаныч. Жаңы сезон жарык жана мазмундуу, эң башкысы жемиштүү болсун», - деген тилегин Алтынай Асылмуратова билдирди.

Спектаклге коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүп жүргөн дарыгерлер чакырылган. Ак халатчандар театрдын кайрымдуулук программасынын алкагында ушул жана кийинки айда «Астана Опера» театрында конок болушат. Салтанаттуу чыгыш жасалгалары жана жалындуу махабат окуясы залдагы бир дагы көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок. Декорациялар жана костюмдар көрүүчүлөр коому тарабынан толук бааланды.

«Балет труппасынын оюну бизди таң калтырды: абага учкан балериналар, жагымдуу балет бийчилери чеберчилигин, өнөрү менен чоң дымагын көрсөтүштү. Бийчилердин мындай чеберчилиги жана жогорку кесипкөйлүгү балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратованын эмгеги экендиги талашсыз. Карантинге чейин биз Астана Опера театрынын спектаклдерин байма-бай көрүп, театр түзүлгөндөн бери алдыңкы солисттердин өнүгүү жолуна көз салып келебиз, бул жолу алардын ар бири чыгармачылык жааттан өскөндүгүн белгилей кетпесек болбойт», - дешти жубайлар Неля менен Кирилл Нам.

Бир актылуу «Шахерезада» балети көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Спектаклде Алтын кулдун ролун «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти Бахтияр Адамжан ойносо, ал эми театрдын солисти Анастасия Заклинская чыгыш сулуусу Зобеиданын образын жаратты. Солисттердин талантынын аркасында сахна чындыгында укмуштуудай жомокко айланды.

 

Фото: 24.kz


×