Казакстанда «Руханий казына» республикалык фестивалы башталды

Казакстанда «Руханий казына» республикалык фестивалы башталды

Маданий уюмдардын жана кызматкерлердин арасындагы «Руханий казына-2020» III Республикалык фестивалы быйыл онлайн-форматта өтөт. Ага катышуу үчүн өлкөнүн 14 облусунан 255 арыз келип түшкөн. Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, сынакта негизги номинациялардан тышкары атайын сыйлыктар да каралган.

«Маданий жана эс алуу уюмдарынын кызматкерлерин колдоо максатында Темирбек Жүргенов, Ахмет Жубанов, Газиза Жубанова, Шара Жиенкулова, Куляш Байсеитова, Рамазан Бапов, Өзбекали Жанибеков, Ильяс Омаров атындагы атайын сыйлыктар тапшырылат. Мындан тышкары, фестивалдын жүрүшүндө Бир үй-бүлө - бир кесип аттуу атайын сыйлык тапшырылат. Бул сыйлык менен китепканачы, музей жана клуб кызматкери адистиги муундан муунга өтүп келе жаткан династиялар сыйланат. Ошондой эле 29 жашка чейинки маданият уюмдарынын жаш кызматкерлери үчүн атайын Жылдын дебюту аттуу номинация каралган», - деп маалымдады тармак башчысы Актоты Раимкулова.

Белгилей кетсек, Республикалык «Руханий казына» фестивалы 2018-жылдан бери маданият уюмдарынын жана кызматкерлеринин арасында өткөрүлүп келет. 2018-2019-жылдары өлкөнүн 17 облусунан келип түшкөн 200 ашык арыздын ичинен 20 номинация боюнча мыктылар аныкталган. Фестиваль өлкөнүн бардык мамлекеттик музейлеринин, китепканаларынын, маданий-эс алуу комплекстеринин, маданият үйлөрүнүн, клубдарынын жана маданият уюмдарынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлөт.

 

Фото: shanyraq.info