Нур-Султанда «Улуу талаа жүрөгү» аттуу фото көргөзмө өтүүдө

Нур-Султанда «Улуу талаа жүрөгү» аттуу фото көргөзмө өтүүдө

Борбор калаада National Geographic фотографтарынын уюштуруусу менен «Улуу талаа жүрөгү» аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Экспозицияда казакстандык жана чет элдик фотографтардын 150 ашуун уникалдуу эмгеги коюлган.

«Алардын арасында Джордж Стейнметцтен тышкары, дүйнөнү таң калтырган National Geographic фотографтары, атап айтканда Антонио Политано, Никита Басов, Турар Казангаповдор бар. Ошондой эле белгилүү ата мекендик фотографтар Батырлан Төлегенов, Александр Филипенко, Евгений Ткаченко, Айбек Аханов жана башкалардын  эмгектери сунушталган», - деп кабарлайт иш-чаранын уюштуруучулары.

Фото-сүрөттөрдө борбордун турмуш-тиричилиги, ишкердик жана маданий жашоосу, жаркын инсандар чагылдырылган. Аны менен катар көргөзмөдө спорт дүйнөсү жана Казакстандын борборунун кооз жерлери көрсөтүлгөн.

«Улуу Талаа жүрөгү сүрөт көргөзмөсүнүн негизги максаты - дүйнөгө белгилүү чет элдик жана ата мекендик фотографтардын эмгектери аркылуу Нур-Султандын ар тараптуу образын көрсөтүп берүү», - дешет уюштуруучулар.

Уникалдуу фото-сүрөттөрдү борбордун ири соода жана көңүл ачуу борборлорунун бири  «Хан Шатырдын» жанындагы аянттан көрүүгө болот. Ошондой эле nursultankorme.kz сайты аркылуу фотографтардын эмгектери менен дүйнөнүн каалаган бурчунан онлайн режиминде таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

 

Фото: egemen.kz