Заманбап казакстандык тасмалар дүйнө рыногун багындырууда

Заманбап казакстандык тасмалар дүйнө рыногун багындырууда

Казакстандын дароо эки тасмасы  42-Москва эл аралык кинофестивалынын негизги сынак программасына катышат. Алар Жанна Исабаеванын «Тагдыр» жана Ким Ки Дуктун «Растворяться» кинокартиналары. Соңку чыгарма - Казакстан жана Түштүк Кореялык адистердин биргелешкен эмгеги. Анда таптакыр эки башка кулк-мүнөзгө ээ эки кыз жөнүндө баяндалат.

Белгилей кетсек, быйыл 42-Эл аралык Москва кинофестивалынын негизги сынак программасына 13 тасма кирди. Алардын арасында Орусия, Индия, Түркия, Бразилия, Румыния, Израиль жана Улуу Британиянын режиссёрлорунун эмгектери бар.

Түштүк Кореяда өткөн даректүү тасмалар фестивалында да казак тасмасы көрсөтүлдү. Фильмдин режиссёру Дмитрий Ли, ал буга чейин  Kazakh TV телеканалында англис тилиндеги жаңылыктардын редактору болуп иштеген. Бүгүнкү күндө ал Кореянын Инчхон шаарында жашайт. Казакстандык Дмитрий Ли көрүүчүлөрдүн назарына англис тилинде  «Belong» - «Менин тамырларым» деп аталган 15 мүнөттүк чыгармасын тартуулады. Фильмде жазуучунун тарыхый мекенинде жашаган тажрыйбасы жана АКШ, Испания, Украинадан келген чет элдиктердин башынан өткөн окуялары баяндалат.

«Тилекке каршы, Кореяга келгендердин көпчүлүгү корей тилин билишпейт. Бул жерде, мисалы, алар башка өлкөлөрдөгүдөй англис тилинде сүйлөшпөйт. Кореяда корей тилин билбесең аябай кыйын. Ошондуктан биринчи маселе - тил. Экинчи маселе - маданий айырмачылыктар да бар», - деди режиссёр Дмитрий Ли.

Кошумчалай кетсек, казак режиссёру Адилхан Ержановдун «Сары мысық» тасмасы Испаниянын Сан-Себастьян шаарында өтө турган 68-эл аралык кинофестивалга катышат. Көрсөтүү «Zabaltegi Tabakalera» бөлүмү алкагында өтөт. Белгилей кетүүчү нерсе, ага кинематографиялык манеранын жаңы ыкмаларын колдонууга умтулган авторлор гана катыша алат.

 

Фото: express-k.kz