«Astana Ballet» дарыгерлерге кайрымдуулук концерттерди өткөрөт

«Astana Ballet» дарыгерлерге кайрымдуулук концерттерди өткөрөт

«Astana Ballet» театрынын сегизинчи сезону медицина кызматкерлерине арналат. Театрдын жаңы сезонунда он кайрымдуулук концерти болот. Ансамбль концерттерди борбор калаада жана башка аймактарда да  уюштурууну мерчемдеп жатат.

«Ушундай жол менен биз адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн көптөн бери иштеп келе жаткан дарыгерлерибизге ыраазычылыгыбызды жана урматыбызды билдиргибиз келди. Маданият жана спорт министрлиги, Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен уюштурулган он кайрымдуулук концерти өлкөнүн ар кайсы шаарларында өткөрүлөт. Көрүүчүлөрдү кабыл алган учурдагы чоң жоопкерчиликти сезип даярдыкка өзгөчө көңүл бурдук, бардык санитардык эрежеге ылайык, келген адамдардын жүрүм-туруму жана залга жайгашуу алгоритмин иштеп чыктык», - деди «Astana Ballet» театрынын мүдүрү Александр Совостьянов.

Концерттик программага театрды даңазалаган жаркын спектаклдер кирген. Алардын бири - «Улуу талаа Мурасы» дивертисменти. Мында казак улуттук бийинин көркөм мүнөзү, күчү жана көрүнүшү көбүрөөк чагылдырылган.

«Искусство адамдарга таасир этип, алардын маанайын көтөрүп, көңүлүн көтөрө турган күчкө ээ. Биз жаркын жана кооз спектаклдерди даярдадык. Майрамдык маанайды көрүүчүлөр менен бөлүшмөкчүбүз. Анын үстүнө бул жолку конокторубуз - дарыгерлер коому. Ушундай жол менен биз алардын улуу ишине урмат жана ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Артисттер бул жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат, ал тургай белгилүү бир даражада толкундануу бар. Аларга сахна, көрүүчүлөр жана кол чабуулар жетишпей жатты. Ортодогу бул байланыш аларга күч-кубат берип, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче өнөр көрсөтүүгө шыктандырат», - деген ою менен театрдын башкы балетмайстери Мукарам Авахри бөлүштү.

Белгилей кетсек, кийинки айда «Astana Ballet» театры өз спектаклдерин көрүүчүлөргө тартуулайт. Көрүүчүлөр коомуна бир нече премьералар көрсөтүлөт, анын ичинде казакстандык балетмейстер Анвара Садыкованын «Желтораңғы туралы аңыз» спектакли бар.

 

Фото: 24.kz