Бүгүн Эл аралык тынчтык күнү

Бүгүн Эл аралык тынчтык күнү

Тынч дүйнөнү куруу - бул жалпы кызыкчылык. Бүгүн дүйнө өлкөлөрү Тынчтык күнүн белгилешүүдө. Жыл сайын бул асыл иш-чара аяк оона айынын 21-күнү Тынчтык коңгуроосу жанында өткөрүлүп, салтанат Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын сөзү менен башталат. Салтка айланган иш-чаранын быйылкы  «Биз биргеликте тынчтыкка жетишебиз» урааны Бириккен Улуттар Уюмунун максатын чагылдырат. Баш катчы Антониу Гутерриш салттуу кайрылуусунда глобалдык эпидемияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурду.

«Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын коркунучу азырынча басаңдай элек. Буга байланыштуу азыркы учурда тынчтык дүйнөсүн куруу максаты абдан маанилүү. Биздин дүйнө жалпы душман менен күрөшүп жатат. Кооптуу эпидемиянын көптөгөн терс кесепеттери бар. Эл аралык деңгээлде чыңалуу күчөп, адамдар кирешесинен ажырап, глобалдык коопсуздук жаатындагы татаал маселелерди андан ары татаалдаштырууда. Ошондуктан 75 жылдык тарыхы бар Бириккен Улуттар Уюму дүйнө элдерин ушул оор мезгилде биргеликте жаркын келечекти куруу жана өнүктүрүү үчүн диалогго келүүгө чакырат. Бүгүнкү күндө социалдык аралыкты сактагандыктан биз бири бирибизге жакын тура албашыбыз мүмкүн. Анткен менен биз дүйнөнү коргоо жана коопсуздугун сактоо үчүн биригүүнүн жолдорун табышыбыз керек», - деди атайын кайрылуусунда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш.

Дүйнөдөгү коопсуздук жана тынчтык Казакстандын көңүл чордонунда. Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилде өлкө тышкы саясатта аймактык жана глобалдык коопсуздук башкы артыкчылык болорун дүйнөгө жарыялаган. Андан бери эгемендүү өлкө бул жолдон тайган жок, глобалдык коопсуздук демилгелери менен өзгөчөлөнүп, дүйнөлүк саясий аренада өзүнүн татыктуу баасын ала билди. Өлкөдөгү глобалдык демилгелердин ар бири дүйнөдөгү тынчтыкка багытталган. Казакстан эл аралык чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн тынчтыкты сактоо миссиясын аткарып жатат. Буга мисалдар жетиштүү. Ядролук куралсыздануудан тартып, Сириядагы Астана жараянына чейин, бул талашсыз далил боло алат.

«Өзүнүн 75 жылдык мааракесине карата БУУ дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды UN75 талкуусуна катышууга чакырат. Бул биз издеп жаткан тынчтык жана жаркын келечекти куруу боюнча эң ири, глобалдык дебат. Бул жагынан алганда, Казакстандын тынчтык демилгелери эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүгө салым кошору шексиз. Коопсуздукка жаңы коркунучтар келип чыккан ушул оор мезгилде Эл аралык Тынчтык күнү глобалдык кызматташтыкты жайылтууга жана жаңы идеяларды таанууга арналат. Дүйнөнүн жарандары коопсуздукка коркунуч туудурган учурда планетаны сактап,  аны жакшы жакка өзгөртүү боюнча ой бөлүшүүгө чакырылат. БУУнун Казакстандагы тутуму өлкөнүн келечекке багытталган өнүгүү күн тартиби боюнча жигердүү демилгелерин колдоо үчүн Казакстанга колдоо көрсөтүүнү кеңейтүүгө даяр», - дейт БУУнун Туруктуу координаторунун басма сөз жана коммуникациялар боюнча кеңешчиси Эльнара Байназарова.

Белгилей кетсек, Эл аралык тынчтык күнү 1981-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан негизделген. 2002-жылдан бери кеңири белгиленип келет. Юбилейди аяк оона айынын 21-күнү белгилөө чечими уюмдун 55-сессиясында кабыл алынган. Бардык өлкөлөргө бул күнү аскерий операцияларды өткөрбөө сунушталып келет.

 

Фото: salamnews.ru