Америкалык топ «Айттым салам, Каламкас» ырын аткарды

Америкалык топ «Айттым салам, Каламкас» ырын аткарды

Америкалык Humming House тобу улуу акын Абай Кунанбай уулунун «Айттым салам, Каламкас» ырын аткарды. Видео АКШнын Казакстандагы элчилигинин Facebook баракчасына жарыяланды. Бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият бюросунун жана топтун мүчөлөрүнүн Абайдын 175 жылдыгына арналган атайын белеги болуп саналат.

«Биздин аткаруубуздагы Улуу Абайдын ырынын варианты сиздерге жагат деген ишеничтебиз. 2018-жылы бизге American Music Abroad программасы аркылуу Казакстанга баруу бактысы буйруду. Казактын улуу акыны Абайдын туулган жери Семей облусуна токтодук. Көңүл ачып, маданият менен таанышып, тамактын даамын татып, элдин меймандостугуна суктандык. Быйыл Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата биз да бар күчүбүз менен белгилегибиз келди. Бобби кылдуу аспаптардын күүлөрүн кооздогон, биз бул вариантты Семейге жана бүткүл Казакстан элине Нэшвиллдин саламы менен сүйүүсүн  жолдойбуз», - дейт Humming House тобунун мүчөлөрү Казакстан калкына жолдогон саламында.

Белгилей кетсек, бул топ казак ырын биринчи жолу аткарып жаткан жок. 2018-жылы Humming House «Наурыз» ырынын кавер нускасын ырдын автору Айдос Сагат менен биргеликте жаздырган.

 

Фото: tengrinews.kz