Францияда Казакстандын маданият сезону ачылды

Францияда Казакстандын маданият сезону ачылды

Франциядагы Казакстандын маданий сезонунун ачылыш аземи Париждеги Монсо паркындагы уникалдуу онлайн эмес иш-чаралардын бири болду. Эгерде бир жыл мурун артисттер эң кооз залдарда француз коомчулугуна өнөр тартууласа, пандемия учурунда маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү онлайн режимге өтүүгө мажбур болду. Бирок Франциядагы санитардык абал Казакстан маданиятынын салттуу сезонунун ачылышына тоскоол болгон жок. Эң башкысы бардык санитардык эрежелер, тагыраак айтканда беткап тагынуу жана чектелген сандагы адамдар сыяктуу  талаптар аткарылды.

«Быйыл дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды, санитардык тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү эске алып, биз Франция коомчулугунун сүйүктүү окуясына айланган маданий сезонду үзгүлтүккө учуратпоону чечтик. Албетте санарип форматка өтө турган болдук. Ошентип француз аудиториясы гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологиялардын жардамы аркылуу казак маданияты менен тааныша алат», - деди Казакстандын Франциядагы элчиси Жан Галиев.

Абай атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын онлайн-спектаклдери, Жамбыл филармониясынын жана этнографиялык ансамблинин концерттери, Кастеев музейинин видео көргөзмөлөрү француздарды казак маданияты менен жакындан тааныштырары шексиз.

«Быйыл биздин иш-чараларга катышкан француздардын саны көбөйдү. Буга Димаш Кудайберген жана анын казак маданиятына кызыгуусун арттырган башка факторлор себеп болду. Биз ага абдан кубанычтабыз. Алар ар бир иш-чарага келип китеп жана маалымат менен бөлүшүүнү суранышат. Албетте биз Францияда маданиятыбыз менен бөлүшкөнүбүзгө кубанычтабыз. Бул биздин милдет», - дейт «Коркыт» атындагы казак маданий борборунун негиздөөчүсү Айгерим Ерсаинова.

Көрүүчүлөрдүн талабы Коркыт борборун жаңы окуу жылында билим берүү программасын кеңейтүүгө түрткү болду. Ал эми кийинки сезондо француздар өлкөнүн белгилүү адамдары жана музыкалык топтору менен гана эмес, жаңы ысымдар менен дагы таанышат.

 

Фото: 24.kz