Мукагали Макатаев тууралуу тасманын тартуу иштери аяктады

Мукагали Макатаев тууралуу тасманын тартуу иштери аяктады

Казакстанда казак акыны Мукагали Макатаев жөнүндө тасманы тартуу иштери аяктады. Бул тууралуу «Казакфильм» киностудиясы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. «Мукагали» тасмасын тартуу иштери 2019-жылдын кулжа айында башталып, Алматы шаарында жана Алматы облусунда, Өскемен жана Санкт-Петербургда жүргүзүлгөн. Фильмдин режиссёру - белгилүү казакстандык кинохроникачы Болат Калымбетов. Анын айтымында, жаңы тасмада  акындын өмүрүнүн акыркы күндөрү да баяндалат.

«Бул тасма биринчи кезекте акын тууралуу эмес, адам тууралуу. Адам тагдыры жөнүндө болот», - деп билдирет режиссёр Болат Калымбетов.

«Мукагали» тасмасы көрүүчүлөргө легендарлуу акындын өмүр баяны жөнүндө баяндайт. Анын ысымы Абай, Ауэзов жана башка казак адабиятынын классиктеринин ысымдары менен байланыштуу. Ал көптөгөн ырлардын, аңгемелердин, пьесалардын жана повесттердин автору.

«Мукагали Макатаев - казактын белгилүү акындарынын бири. Ал өз чыгармасы менен окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, Уильям Шекспирдин сонеттерин, Уолт Уитмендин ырларын, Дантенин «Божественная комедия»  поэмасын жана башка чыгармаларды казак тилине которгон. Анын ырларынан ар ким өзүн таба алат», - деп белгилейт «Казакфильм».

«Казакфильмдин» кабарлашынча, «Мукагали» тасмасы студиянын өлкөдө кинотеатрлар ачылгандан кийин көрүүчүлөргө сунушталган алгачкы тасмаларынын бири болот. Белгилей кетсек, учурда адистер тасманы монтаждап жатышат. Фильмдин бет ачары акындын 90 жылдык мааракесине карата мерчемделген.

 

Фото: inform.kz