Данэлия Тулешова America's Got Talent шоусунун финалына өттү

Данэлия Тулешова America's Got Talent шоусунун финалына өттү

Данэлия Тулешова АКШда өтүп жаткан America's Got Talent сынагынын финалына жолдомо утуп алды. Казакстандык жаш жылдыз күйөрмандардын бир сутка бою добуш берүү жыйынтыгында мыктылардын катарына кирип, дүйнөлүк шоунун финалында өнөр көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Жаш ырчынын PR-мүдүрү Татьяна Синенконун айтымында, финалга өтүү үчүн жарышка түшкөн катышуучулардын үчтүгүндө Данэлия менен катар  «Golden buzzer»дин (калыстар тобунун өзгөчө колдоосу) эки ээси болду. Бирок көрүүчүлөр казак ырчысын колдошкон.

«Ушул убакыт ичинде мени колдоп бергениңиздер үчүн рахмат. Бул чечүүчү жума болот, көп жумуш жасоо керек. Мен сиздердин үмүтүңөрдү актаганга аракет кылам», – деди Данэлия.

America's Got Talent 15-этабынын финалы аяк оона айынын 22-күнү NBC телеканаланын түз эфиринде өтөт.

 

Фото: liter.kz