Казакстандык ырчыларга фонограмма колдоноорун эскертүү милдеттендирилет

Казакстандык ырчыларга фонограмма колдоноорун эскертүү милдеттендирилет

Сахнадан жалган эмес, жүрөктөн чыккан ырлар ырдалышы керек. Мындан ары музыкалык чыгармаларды аткаруучулар фонограмма колдонгондугу жөнүндө көрүүчүлөргө маалымат берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова Мажилистин жалпы жыйынында билдирди.

Министр Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына маданият маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Ал концерттерде жана көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүүдө бир катар көйгөйлөр келип чыгарын жашырган жок. Мисалы, аткаруучулардын концерт учурунда адеп-ахлаксыз жүрүм-туруму, мерчемделген концерттердин үзгүлтүккө учурашы, уят сөздөрү бар репертуар тыңдоо фактылары болгонун ачык айтты.

«Буга байланыштуу мыйзам долбооруна ылайык, аткаруучулар тарабынан мындай жүрүм-турумдун алдын алуу боюнча бир катар милдеттенмелерди киргизүү менен биз ушул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылдык. Эң маанилүү эрежелердин бири - музыкалык чыгармаларды аткаруучулар көрүүчүлөргө фонограмманы колдонуу жөнүндө маалымат бериши. Фонограмманы колдонуу тартиби мыйзамга ылайык акт менен аныкталат. Бардык жарнама өнүмдөрү жана кассалар алдында фонограмманы колдонуу жөнүндө көрүүчүлөргө эскертилет. Бул аларга фонограмманы пайдалануу менен өтө турган концертке билет сатып алууну же жокко чыгарууну тандап алууга мүмкүнчүлүк берет жана билеттин баасына таасир этет», - дейт ал.

Актоты Раимкулова жаңы мыйзам долбоору менен аймактык маданият уюмдарынын ишин координациялоочу кеңештерди түзүү каралгандыгын билдирди. Ошондой эле министр документке коомдук маанидеги адабий чыгарманы автордон белгилүү бир мөөнөткө гана сатып алуу кире турганын билдирди. Анын айтымында, өз кезегинде автордун чыгармасын кайрадан басып чыгарууга же китеп дүкөндөрүнө сатууга же башка жолдор менен сатууга укугу жок болот. Бул учурда мамлекеттин калк үчүн маданий өнүмдөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмеси аткарылбайт, тескерисинче чектелет.

«2017-жылы депутаттар корпусунун аркасында биринчи жолу мыйзам чыгаруу деңгээлинде авторлорго коомдук адабият үчүн акы төлөп берүү тажрыйбасы киргизилген. Башка өлкөлөрдө андай эмес. Бирок иш жүзүндө карама-каршылыктар болгон. Атап айтканда, автордон адабияттарды сатып алуу, автордук укуктун бардык мөөнөтүнө мамлекетке автордук укук берүүнү көздөйт. Бул жазуучунун жашоосу жана кийинки 70 жылы. Буга байланыштуу мамлекеттик адабияттарды коомдук китепканаларга бекер таратуу үчүн гана сатып алаарын белгилей кетүү керек», - деди министр.

Долбоордун негизги багыттары болуп китепканалар жана басмакана, маданий иш-чараларды жөнгө салуу маселелери жана чыгармачыл союздарды колдоо боюнча түзөтүүлөр болуп саналат.

 

Фото: eventiks.ru


×