Улуттук музей «Өнер төресі» аттуу көргөзмөгө чакырат

Улуттук музей «Өнер төресі» аттуу көргөзмөгө чакырат

Өнөр сүйүүчүлөр коомунун кулагына күмүш сырга! Улуттук музей «Өнер төресі» аттуу музей фондунан чогултулган көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө чакырат. Белгилей кетүүчү жагдай, бул өзгөчө кырдаалга байланыштуу акыркы учурдагы көнгөн онлайн эмес, оффлайн иш-чара. Белгилей кетүүчү жагдай, бул өзгөчө кырдаалга байланыштуу акыркы учурдагы көнгөн онлайн эмес, оффлайн иш-чара. Башкача айтканда, көргөзмөнүн коноктору улуттук стилдеги кайталангыс чыгармаларды адаттагыдай аралыктан эмес, жакындан көрүп, кызыгына батышат. Бир залда ХХ кылымдын экинчи жарымындагы белгилүү чеберлердин, ошондой эле заманбап сүрөтчүлөрдүн кийиз, жыгач, инсталляциялар, гобелендер, зер буюмдары коюлган. Экспозициялар Мухаметжан Зейнелхан, Батима Заурбекова, Сауле жана Алибай Бапановдор, Сержан Баширов, Эдуард Казарян, Латиф Казбеков, Тлеужан Батанов сыяктуу дүйнөлүк көркөм сүрөт мейкиндигинде өзүнүн кол тамгасы бар кылкалем чеберлеринин чыгармалары менен тааныштырылат.

«Көргөзмөнүн идеясы - кылымдарды карыткан улуттук тажрыйбага бай жана казакстандык көркөм өнөрдү жана классикалык ыкмаларды жигердүү колдонуп, улуттук мектептин андан ары өнүгүүсүнө салым кошкон дүйнөлүк деңгээлдеги кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнүн келечегин жана өзгөчөлүктөрүн жайылтууга негизделген», - деп айтылат Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Көргөзмөгө 70 жакын көркөм чыгарма коюлган. Экспозицияда көрсөтүлгөн буюмдар казак элинин маданий-тиричилик өзгөчөлүктөрүн чагылдырат жана казактын улуттук маданиятынын уникалдуу бөлүгү болуп саналат.