«Томирис» Париждеги кинофестивалда баш байгени жеңип алды

«Томирис» Париждеги кинофестивалда баш байгени жеңип алды

Улуу Талаанын кино өндүрүшү дагы бир ийгиликти багындырып, дүйнөлүк деңгээлде таанылды.  «Томирис» тасмасы Париждеги L"Etrange Festival 26-кинофестивалында эл аралык толук метраждуу фильмдер бөлүмүндө баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу режиссёр Акан Сатаев кабарлады.

«Фестивалдын өнөктөштөрүнүн бири, дүйнөдөгү эң ири француз тилиндеги акы төлөнүүчү телеканал CANAL + эми биздин тасманы прайм-тайм убагында көрсөтөт», - деп жазды режиссёр, «Казакфильм» киностудиясынын президенти  Акан Сатаев.

Эске салсак, режиссёр Акан Сатаев тарткан «Томирис» тасмасы Перс падышасы Кирге каршылык көрсөткөн сак ханышасы тууралуу баяндайт. Улуу талааны даңазалаган эр мүнөздүү баатыр кыз сак тайпаларын даңазалуу кол башчы, жоокер катары бир туунун алдында бириктирет.

Фильм Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин буйрутмасынын негизинде Шакен Айманов атындагы «Казакфильм» киностудиясы менен биргеликте тартылган. Башкы ролду ойногон Альмира Турсын дагы сүйүнүчтүү кабарын социалдык тармактарда окурмандары менен бөлүштү.

«Кандай керемет жаңылык! Бул фильмге жан дүйнөсү менен берилип тартылган бардык адамдарды жеңишибиз менен куттуктайм», - деди актриса.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ, Италия, Испания, Жапония, Түштүк Корея, Румыния, КМШ жана Жакынкы Чыгыштан келген бир катар компаниялар тасманы көрсөтүү укугуна ээ болушту.

 

Фото: inform.kz