«Астана Опера» театры «Дон Паскуале» операсынын онлайн-премьерасын тартуулайт

«Астана Опера» театры «Дон Паскуале» операсынын онлайн-премьерасын тартуулайт

Казакстанда биринчи жолу италиялык операнын улуу классиги Гаэтано Доницеттинин «Дон Паскуале» операсынын онлайн премьерасы көрсөтүлөт. Белгилүү спектаклдин бет ачары тогуздун айынын 2-3-күндөрү «Астана Опера» театрынын камералык залында өтөт. Спектаклдеги бир катар окуялар желеси көрүүчүлөрдү өткөн кылымдын башындагы учурга саякаттоого чакырат.

«Биз окуялардын желесин өткөн кылымдын 10-жылдары BELLE EPOQUE учуруна алмаштырабыз. Бул «керемет доор» - Европа коомундагы чыныгы социалдык жана экономикалык каатчылык пайда болгон оор  мезгил, андан кийин Биринчи дүйнөлүк согуш, эски коом өзүн-өзү жоюп, кыйроого учурады, бирок анын ордуна күчтүү дүйнө, башкача айтканда интеллигенция келген эмес. Тактап айтканда, ал кездеги коомдун ордун шылуундар, өзүнүн позициясы жок орой адамдар басууга аракет кылган мезгил болчу. Адамгерчилик, маданий жана социалдык баалуулуктарды кайрадан баалоо орун алды», – дейт сценограф жана костюмдар боюнча сүрөтчү Манана Гуниа.

Формалардын кооздугу, материалдардын эклектикасы, түстөрдүн гаммасы, спектаклдин ийне-жибине чейин ойлонулган ар бир бөлүгү коюучу-режиссёр - Наталья Кагадийдин кайталангыс көз карашын баяндайт. Сахнанын жасалгаланышы жана декорациялардын трансформациясы конок үйдүн күнүмдүк жашоосун ичинен карап тургандай таасири көрүүчүлөрдүн көз алдынан өтөт. Драматургиялык жыйнак ар бир каармандын музыкалык мүнөздөмөсүнө кошулуп олтуруп, керемет юмор менен жуурулган жагымдуу текст көрүүчүнүн спектаклдин маанайына жана ритмине оңой ыңгайлашуусуна шарт түзөт.

 

Фото: ticketon.kz