Алматыда Сева Демидовдун арт-инсталляциясы тааныштырылды

Алматыда Сева Демидовдун арт-инсталляциясы тааныштырылды

Казакстандык арт-индустрия тармагында жарым жылга жакын созулган обочолонуудан кийин өзгөчө жигердүүлүк байкалды. Карантинде отурган сүрөтчүлөр иштөөнүн жаңы форматтарын издөөнүн үстүндө болушкан. Сева Демидовдун «Үчүнчү жарым шар» аттуу көргөзмөсү дал ушундай издөөнүн натыйжасы деп айтууга болот. Галереялар менен музейлер көргөзмө өткөрүүнү кайрадан жанданта баштаганда, сүрөтчү Сева Демидов өзүнүн экспозициясын шаардагы ресторандардын биринде сунуштоону туура көргөн. Бул жагынан алганда сүрөтчүлөр үчүн эң негизгиси, алардын кайрадан сагынган көрүүчүлөрү экендигин белгилей кетүү керек. Автордун айтымында, карантин учурунда эң татаал нерсе өзүнүн көрүүчүлөрү менен жолуга албагандыгы болгон.

«Мен кайрадан эл менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Айрыкча алар менин баш кийимдеримди кийген кездеги эмоциялары аябай жагат. Сүрөтчү үчүн эмоционалдык реакциялар менен алмашуу өтө маанилүү. Ал эми акыркы айларда мындай учурлар такыр болгон эмес», - дейт Сева Демидов.

Бул жолу сүрөтчү уникалдуу баш кийимдердин коллекциясын тартуулады. Ал буюмдарды төш белгилер, тыйындар, тумарлар, жыгачтан жана булгаарыдан жасалган медалдар, мамыктар менен кооздогон. Көргөзмөнүн коноктору сүрөтчүнүн эмгектерин көрүп гана тим болбостон, кийип да көрүштү. Бир сөз менен айтканда көргөзмөнүн уюштуруучулары жаңы багытта иштей баштады. Ошондой эле аталган экспозиция карантин учурунда көрүүчүлөр менен байланышын үзүп алган казакстандык сүрөтчүлөрдүн күзгү жолугушуулар сериясын баштады.  Келечекте долбоордун уюштуруучулары алматылыктар жана шаардын коноктору үчүн ушундай көргөзмөлөр менен маданий мейкиндикти түзүүнү каалашат. Алардын айтымында, элдерди жакындаштыруу үчүн мындай жолугушууларды көбөйтүү керек.