Казакстандык тасма Атлантика эл аралык кинофестивалынын шорт тизмесине кирди

Казакстандык тасма Атлантика эл аралык кинофестивалынын шорт тизмесине кирди

Ата мекендик «Кичинекей канзаада» даректүү тасмасы дүйнөдөгү эң мыкты 8 тасма менен ат салышат. Казакстандык тасма Атлантика эл аралык кинофестивалынын шорт тизмесине кирди. Долбоордун авторлорунун айтымында, тасманын алгачкы бет ачарын борбор калаада өткөрүүгө коронавирус тоскоол болгон. Эми анын бет ачары океандын ары жагында Түштүк Американын Колумбия республикасында болот. Дүйнөгө таанымал кино сынак аяк оона айынын 9-12 аралыгында Барранкилья шаарында өтөт.

«Бул биз үчүн чоң жеңиш. Дүйнөнүн алп мамлекеттери тарткан көптөгөн долбоорлордун арасынан тандалып алынуу менен АКШ, Улуу Британия, Нидерланды, Норвегия жана Италия сыяктуу ири өлкөлөрдүн катарында турганыбыз биздин негизги идеябыздын жана эмгегибиздин бааланганы деп билебиз», - дейт долбоор авторлору.

Казакстандык уникалдуу долбоор казак тилинде англис субтитр менен  көрсөтүлөт. Ошондой эле, эл аралык кинофестивалдын расмий сайтынан көрсө болот. Белгилей кетсек, тасма ушул жылдын башында Францияда жана Германияда тартылган.

«Адам кыялга бай. Биздин кыял казак ыры менен Европаны багындырган Амире менен бүткүл түрк элдеринин көз карандысыздыгын эңсеген Мустафа өмүр сүргөн Парижде орундалды. Ооба, көпчүлүк дүйнөдөгү борбор шаарлардын бирине барууну кыялданат. Бирок биздин кыял Парижге баруу эле эмес, ал жакта кино тартуу болгон. Ошондой эле, дагы бир кыялым - бул идеяны жакын досторум менен чыгармачыл тандемде ишке ашыруу эле. Фильм эмне жөнүндө экенин сценарий жазыла электе эле билдик», - дейт долбоор жетекчиси Жанар Шамел.

«Кичинекей канзаада» - бул фильм монолог, адамдын жан дүйнөсү менен сүйлөшүүсү, дейт  сценарийдин автору жана режиссёру Карлыга Хасен. Башкы каарман - таланттуу казак акыны Танакөз Толкынкызы. «Мен киммин?», «Мен эмне үчүн жашайм?», - деген сыяктуу суроолорго жооп издеп, өзүнө эсеп берет. Ал бала кезинен акын болууну жана француз тилин өздөштүрүүнү кыялданган. Ал эми даректүү тасма башкы каармандын ишке ашкан максаты аркылуу көрүүчүлөрдүн кыялдарын билдирүүгө чакырат.

«Франция чыныгы искусство мекени, көптөгөн улуу жазуучулар жана акындар жашап, иштеген жер. Франция - сүйүүнүн мекени. Танакөздүн поэзиясы ушул улуу сезимге жык толгон. Демек менин каарманымдын Франция менен окшош жактары көп. Анын жан дүйнөсүн, маңызын, чыгармачылыгын баалайм, сүйүү жөнүндө поэзиясын жакшы көрөм. Ошентип ал жөнүндө даректүү тасма тартууну чечтим. Мен аны татыктуу адам деп эсептейм. Адамдын баркын тирүү кезинде билишибиз керек деп ойлойм», - дейт Карлыга Хасен.

Белгилей кетсек, бул Карлыга Хасендин биринчи тасмасы. Эми чыгармачыл топ Колумбиядан жакшы жаңылыктарды күтүп жатат.