Н. Тлендиевдин 95 жылдыгына арналган «Алкисса» фестивалынын алкагында сынак жарыяланды

Н. Тлендиевдин 95 жылдыгына арналган «Алкисса» фестивалынын алкагында сынак жарыяланды

Жамбыл атындагы Казак мамлекеттик филармониясы СССРдин Эл артисти Нургиса Тлендиевдин 95 жылдыгына арналган «Алкисса» фестивалынын алкагында сынак жарыялады. Маданият жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара аяк оона айынын 1-29 аралыгында онлайн режимде өтөт. Чыгармачыл сынактын жыйынтыгында домбрачылар жана ырчылар категориялары боюнча мыкты аткаруучулар аныкталат. Башкы фестивалдын расмий ачылыш аземи аяк оона айынын отузунда өтүп, ал тогуздун айынын төртүнө чейин уланат.

«Фестивалдын алкагында Нургиса Тлендиев атындагы Отырар сазы академиялык фольклордук-этнографиялык оркестринин жана көптөгөн чыгармачыл жамааттардын катышуусунда бир катар иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле өлкөнүн чыгармачыл уюмдарынын, музыкалык мектептеринин, колледждеринин жана жогорку окуу жайларынын арасында домбрачылардын жана ырчылардын республикалык онлайн сынагы өтөт», - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалыматты +77028098007 номуру же online_fest_otyrar@mail.ru сайтынан билүүгө болот. Сынактын талаптары менен Маданият жана спорт министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

 

Фото: 24.kz