«Астана Опера» жаңы сезонго даяранууда

«Астана Опера» жаңы сезонго даяранууда

Аяк оона айынын 18-күнү «Астана Операнын» жаңы сезону «Опера классикасына саякат» чыгармасы менен ачылат. Гала-опера театрдын Чоң залынын сахнасынан онлайн режимде көрсөтүлөт. Программада улуттук жана дүйнөлүк мурастардын мыкты үлгүлөрү - А.Жубанов, Л.Хамидинин «Абай», Дж.Россининин «Севилдик чач тарач», П.Чайковскийдин «Евгений Онегин» операларынан көрүнүштөр камтылган. Көрүүчүлөрдүн алдында борбор калаанын труппасынын белгилүү солисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

«Биз бул сезонду күтүлбөгөн жагдайда ачып жатабыз. Артисттер залдагы көрүүчүлөрсүз сахнага чыгышат. Жандуу спектаклдер менен концерттердин түз көрсөтүүлөрү аяк оона айына мерчемделген. Учурда солисттер узак тыныгуудан кийин жигердүү ишке киришти. Даярдоо залдарында алар чеберчиликтерин өркүндөтүп жатышат, бирок көрүүчүлөр менен биринчи жолугушуубуз онлайн режиминде өтөөрүнө карабастан, алар албетте толкундоо үстүндө. Театрдын көркөм кеңеши сегизинчи сезондун мазмундуу репертуарын иштеп чыккан, ага опера жана балет классикасын, улуттук жана дүйнөлүк опера менен балет классикасын, камералык музыка концерттери жана албетте балдар, өспүрүмдөр үчүн программа киргизилген. Коронавирус пандемиясы биздин көптөгөн пландарыбызды бузду. Карантинге карабастан биз жигердүү онлайн режиминде иштеп, көптөгөн долбоорлорду түзүп, театрыбыздын искусствосун ар дайым сүйүп келген жарандардан оң пикирлерди жана каттарды алып жаттык», - деди Казакстандын эмгек синирген ишмери, «Астана Опера» театрынын мүдүрү Галым Ахмедьяров.

Аны менен катар, көрөрмандарды мыкты премьералар жана мыкты концерттик программалар күтүп турат. Гаэтано Доницеттинин «Дон Паскуале» операсынын онлайн-премьерасы тогуздун айынын башында болот. Жаңылыктар тизмегин белгилүү балетмейстер Иржи Киллиан койгон Вольфганг Амадей Моцарттын музыкасына жазылган «Алты бий» эксклюзивдүү балети улантат. Андан кийин театр сүйүүчүлөрүнө көптөн бери күтүлүп жаткан премьералар: Гаэтано Доницеттинин «Махаббат суусундугу» операсы жана Патрик де Бананын «Талаа үнү» улуттук балети сунушталат.

 

Фото: liter.kz