Өлкөнүн музейлери туруктуу иштөө режимине өттү

Өлкөнүн музейлери туруктуу иштөө режимине өттү

Карантиндик шартта руханий эс алууга суусаган адамдар үчүн жакшы жаңылык: өлкөнүн музейлери туруктуу иштөө режимине өттү. Аяк оона айынын башынан тарта музейлерге көрүүчүлөр келе баштады. Алгач, коноктордун коопсуздугун сактоодо бардык санитардык талаптар эске алынарын белгилей кетүү керек. Борбор калаадагы Улуттук музей биринчилерден болуп эл үчүн эшигин ачты. Башкы музей келгендерди Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Нурлан Батпеновду эскерүүгө арналган жаңы көргөзмө менен тосуп алды. Алдыда музей конокторун башка дагы жаңы жаңылыктар күтүп турат.

«Алдыдагы убакытта Улуттук музейде Алтын Ордонун 750 жылдыгына арналган  «Улуу Улус», «Байыркы түрк цивилизациясы» залдардын ачылуусу, аны менен катар, акындар А.Кунанбай уулу (175 жаш), Ж.Молдагалиев (100 жыл), тарыхчы Е.Бекмаханов (105 жаш), композитор Н.Тилендиев (95 жаш), биринчи казак антрополог илимпозу О.Смагулов (90 жаш) жана башка дагы инсандарыбыздын мааракелерине карата комплекстүү иш-чараларды уюштурууну мерчемдеп жатабыз», - дейт РКнын Улуттук музейи мүдүрүнүн орун басары Алмаз Нуразхан.

Тарыхты тастыктап, санжыранын бош барактарын ачып берүү үчүн заманбап технологиялар киргизилиши керек. Буга байланыштуу Алмаз Нуразхан Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кайрылуусунда айтылган  «Санариптештирүү - бардык реформалардын негизги элементи» аттуу IX багыттын музей тармагы үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи.

«Ошондуктан Казакстан Республикасынын Улуттук музейи келечекте санарип технологияларын өнүктүрүүгө, айрыкча виртуалдык музейлердин тармагын түзүү, бардык музей ресурстарын электрондук форматка өткөрүү маселелерине артыкчылык берет. Музейдин кызматкерлери татаал жана өткөөл мезгилге карабастан өз тарыхыбызды изилдөө, улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча иштерин уланта беришет», - дейт Алмаз Нуразхан.

Дүйнөлүк коронавирус эпидемиясы музей тармагына өзүнүн терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок руханий жайлар кырдаалга ылайыкташып, онлайн режиминде аралыктан көргөзмөлөрдү, сабактарды уюштуруп, көрүүчүлөр менен тыгыз байланышты үзгөн жок. Ошондуктан аралыктан иштөө жаңы форматка ылайыкташтырды, дешет музей кызматкерлери.

 

Фото: zabivan.livejournal.com