«Абайдын кара сөздөрү» даректүү тасмасын тартуу иштери башталды

«Абайдын кара сөздөрү» даректүү тасмасын тартуу иштери башталды

Улуу Абайдын 175 жылдык мааракесине карата ата мекендик кино индустриясы  казак элинин чыгаан уулуна арналган бир катар тасмаларды тартат. Үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында «Абайдын кара сөздөрү» даректүү фильмдер циклинин тартылышы башталат. Абай илиминин тереңдигин көрүүчүлөргө толук ачып берүү үчүн режиссёр Берик Абишев 15 кыска метраждуу тасма тартууну чечкен.

«Бүгүнкү күндө Абай жөнүндө көптөгөн роликтер, видеотасмалар, билдирүүлөр чыкканы менен эмнегедир бардыгы бир өңчөй жана бири-бирин кайталап турат. Ал эми биз даанышман инсандын ар бир кара сөзүн көрүүчүлөр терең түшүнүшү үчүн жаңы көз караш менен жеткирүү милдетин алдыбызга койдук. Бул талаштуу чечим болушу мүмкүн, бирок биз долбоорубузду дал ушул көз караш менен ишке ашырууну көздөдүк», - дейт Берик Абишев.

Режиссёрдун айтымында, жаңы фильмде тарых, улуттук идеология, адеп-ахлак жана мыйзам маселелери камтылган.

«Мен сиздерге сценарийди толугу менен азыр айта албайм. Бирок көрүүчүлөр өткөн, учур жана келер чактагы чакан тасмаларды көрө алышат деп айта алам. Анын бардыгын кадрда көрсөтөбүз. Биздин каармандар ар башка болот: алар шарттуу түрдө унаага минип келе жатышы же ат минип чаап баратышы мүмкүн. Ушундай видео көрүнүштөрдү тартсак дейбиз», – деп билдирди режиссёр.

Берик Абишев коронавирус илдети тасманын актёрдук курамына олуттуу терс таасирин тийгизгенин айтат. Катуу чектөөлөр киргизилгенге чейин «Абайдын кара сөздөрү» даректүү тасмасынын продюсерлери  кастинг өткөрүп, бул ишке тартылууну пландаштырган көптөгөн казакстандыктар менен жолугушкан.

«Биз көптөгөн ырчылар, актёрлор жана медиа жылдыздар менен бир катар жолугушууларды,  сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Димаш Кудайберген, Нурлан Алимжан, Берик Айтжанов менен макулдашып да койгон элек. Ошол учурда биз тасманы тарту алдында турганбыз. Ал эми чектөөлөр алынып салынгандан кийин биз бир нерсени өзгөртүшүбүз мүмкүн. Деген менен мисалы, Димаш бул тасмага тартылууга даяр экендигин айтты», – дейт Берик Абишев.

«Абайдын кара сөздөрү» долбоорунун биринчи бөлүгүнүн бет ачары кыш мезгилинде болот. Фильм негизинен Казакстандын телеканалдарында жана социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлөт.

 

Фото: kyzylorda-news.kz