Жергиликтүү фильмдер чет элдик рынокко чыгат

Жергиликтүү фильмдер чет элдик рынокко чыгат

«Казакфильм» киностудиясы «Абил» драмасынын сценарийин Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтө турган Азиядагы эң ири Asian Project Market кино долбоорлор рыногуна сунуштайт. Бул тууралуу киностудиянын басма сөз кызматы билдирди.

Тогуздун айында фильмдин эл аралык продюсери Анна Вильгельми байыркы осуяттардан чогултулган казакстандык койчунун окуясын дүйнөлүк продюсерлер менен  инвесторлорго сунуштайт. Белгилей кетсек, Анна Вильгельминин ысымы казак көрүүчүлөрүнө Эмир Байгазиндин «Төрт окуя» жана Катерина Суворованын «Завтра море» чыгармалары аркылуу казакстандык көрүүчүлөргө таандык. Ал эми долбоордун режиссёру Елзат Ескендердин «Өлиара» тасмасы 2016-жылы Пусандагы эл аралык кинофестивалда мыкты кыска метраждуу фильм деп табылган.

Asian Project Market кино рыногу Пусандагы эл аралык кинофестивалдын алкагында өтөт. Бул маанилүү иш-чарага келечекте көптү үмүттөндүргөн долбоорлор гана катышат.

Ошондой эле, казакстандык кинематографисттер Европанын көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгүнө айлана алышат. Бүгүн Улуттук кинону колдоо боюнча мамлекеттик борбор бирдин айынын 13-17-күндөрү өткөрүлө турган Berlinale Co-Production Market кино өнүмдөр рыногуна катышууга билдирмелерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялады. Документтер аяк оона айынын аягына чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 71-Эл аралык Берлин кинофестивалынын алкагында өтөт. Тармак адистеринин айтымында, бул Европада чет элдик кинону жайылтуунун бирден-бир жолу болуп саналат.

 

Фото: inform.kz


×