Борбордук Азиядагы алгачкы виртуалдуу киноакадемия өз ишин жыйынтыктады

Борбордук Азиядагы алгачкы виртуалдуу киноакадемия өз ишин жыйынтыктады

Борбордук Азиядагы биринчи киноакадемия АКШнын тажрыйбалуу кинорежиссёрлору менен биргеликте өз ишин аяктады. Жайкы киноакадемия деп аталган долбоор 48 саат тасма тартуу сынагы American Film Showcase программасы менен биргеликте уюштурулган. Академиянын алкагында өткөрүлгөн үч мастер-класска региондун беш өлкөсүнөн 41 катышуучу катышты. Борбордук Азиядагы башталгыч жана тажрыйбалуу кинорежиссёрлор үчүн иш-чара толугу менен виртуалдык ыкмада өттү, деп билдирди АКШнын Алматыдагы Башкы консулдугу.

«Академияга катышуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Мен буга чейин даректүү тасманы сынап көргөм, бирок ышкыбоз болчумун. Семинардын аркасында мен негизги эрежелерди түшүнүп, фильмдин түзүлүшүн билдим. Мага сюжетти үч актыга бөлгөндү үйрөнгөнүбүз жакты. Бул мен үчүн эң сонун жаңылык. Ошондо мен мурунку тасмаларымда эч бир эрежем сакталбагандыгын түшүндүм. Окуянын ар бир бөлүгүн ар башка түскө боёп, алардын кайсынысы маанилүү экендигин билип алдык. Мага жакты. Мен өз билимимди жаңы долбоорум - Казакстан менен Орусияны байланыштырган трансчекаралык Урал өзөгү жөнүндө фильмди тартуу учурунда  сөзсүз колдоном», - деп билдирди Урал жумалыгы гезитинин журналисти Рауль Упоров.

Жайкы киноакадемиянын серепчиси Дебра Циммерман «Аялдар кино тартышат» деген темада мастер-класс өттү. Ал 1972-жылдан бери аял режиссёрлорду колдоп келе жаткан Нью-Йорктогу Women Make Movies коомдук уюмунун аткаруучу мүдүрү кызматын аткарып келет. Адис аталган уюм Борбордук Азиядагы кино тармагында иштеп жүргөн кыз-келиндерге колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Катышуучулардын жигердүү аракетинин аркасында менин жумушум да жеңил болду. Аял режиссёрлор Ассоциациясы менен биргеликте жана Борбордук Азиядагы аялдар кинофестивалын өткөрүү демилгесин колдоо аркылуу болсун, Women Make Movies уюму Борбордук Азиядагы аял кино адистерин колдоого даяр. Биз уюштурган мастер-класстарга Борбордук Азия аялдарына бир жылдык жазылуу бере алабыз», - дейт режиссёр  Дебра Циммерман.

Уюштуруучулар мастер-класстарын өткөрүү 2020-жылы Жайкы кино академиясы баштаган салтка айланат деп үмүттөнүшөт. Эми алар 48 сааттын ичинде кино тартуу долбоорунун быйылкы сынагына кызуу даярданып жатышат. Иш-чара аяк оона айынын 26-27-күндөрүнө белгиленген.

Фото: 123rf.com