Казакстандык илимпоздор Сарыарканын маданий мурасын изилдөөдө

Казакстандык илимпоздор Сарыарканын маданий мурасын изилдөөдө

Казак окумуштуулары археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөрдүн негизинде Сарыарканын маданий мурасы жөнүндө илимий монографияны чыгарууну мерчемдөөдө. Алар ушул жылдын аягына чейин өлкөнүн түндүк жана чек ара аймактарында болгон экспедициянын жыйынтыктары боюнча илимий эмгектерин сунушташат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин «Элдик казына» изилдөө институтунун материалдык эмес маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Айгерим Мусагажинова билдирди. Анын айтымында, экспедицияларга институттун 15 кызматкери катышууда.

«Бүгүнкү күнгө чейин биз 20 ашык айылды кыдырдык. Түндүк Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында табылган 15 ашуун тамактын тизмесин түздүк. Павлодар облусунан бизге кийим, чапан, жоолук, саймалуу килемдер сыяктуу уникалдуу экспонаттар сунушталды. Азыр бул атрибуттар Казакстандын Улуттук музейинин фондуна өткөрүлүп берилди», - деди Айгерим Мусагажинова.

Белгилей кетсек,  «Сарыарканын тарыхый-маданий мурасын изилдөө, сактоо жана жайылтуу» долбоорунун алкагында этнографиялык жана археологиялык гана эмес, ошондой эле, музыкалык жана фольклордук экспедициялар да жүргүзүлүүдө. Үч жылдын ичинде изилдөөчүлөр көптөгөн баалуу маалыматтарды жана уникалдуу экспонаттарды, өзгөчө фото-сүрөттөрдү чогултуп үлгүрүштү. Мунун баары Сарыарка казактын маданий мурасынын казынасы экендигин дагы бир жолу далилдейт.

«Археологдор өздөрүнүн табылгаларын изилдеп жатышат, биз этнографтар материалдык эмес маданий мурастарды изилдеп жатабыз. Негизги багыттар - салттуу ашканалар, кол өнөрчүлүк, элдик медицина, жол-жоболорду каттоо. Биздин милдет - салттуу маданияттын алып жүрүүчүлөрүн аныктоо. Бүгүн ар кандай факторлордун таасири астында ааламдашуу доору менен бирге урпак алмашуу жүрүп жатат. Улуу муундун баалуулугун сактап калуу үчүн биз каада-салттар, үрп-адаттар, декоративдик-колдонмо искусствонун элементтери жөнүндө бардык маалыматтарды жазып алышыбыз керек», - дейт этнограф.

Көп жылдар бою казак улуттук гастрономиялык каада-салттарын изилдеп, жайылтып келе жаткан этнограф Айгерим Мусагажинованын айтымында, экспедициялар учурунда ал байыркы казак ашканасынын 15 ашуун рецебин жазып алган. Бул албетте Сарыарка элинин каада-салттарын урматтап, аларды көздүн карегиндей сактап келе жаткандыгын көрсөтүп турат.


×