Улуу акындын урматына: Абайдын 175 жылдык мааракеси глобалдык деңгээлде белгиленүүдө

Улуу акындын урматына: Абайдын 175 жылдык мааракеси глобалдык деңгээлде белгиленүүдө

Румыниянын камералык оркестри Абайдын музыкалык чыгармасын аткарды. Казак акынынын чыгармалары тарыхый аймак - Трансильваниянын борбору Клуж-Напокада жанырды. Музыкалык кече Румыниядагы Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында өткөрүлдү. Ал эми концертке катыша албаган румыниялык өнөр сүйүүчүлөр коому оркестрдын аткаруусундагы обондорду чыгармачылык жамааттын социалдык тармактагы баракчасынан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Видео тез эле 5 миңге жакын көрүүчүнү чогултту.

Улуу Абайдын 175 жылдыгы Түштүк Америкада да белгиленди. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакстандын Бразилиядагы элчилиги Аргентинанын Росариодогу Казак маданий борбору менен биргеликте онлайн конференция уюштурду. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн академиялык жана ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Бразилиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана кызматкерлери, ЖМК өкүлдөрү, маданий борбордун ыктыярчылары катышты.

Конференциянын катышуучулары Абайдын чыгармаларына кызыгуу билдирип, «Абай дүйнөсү» маданий борбору менен Түштүк Американын ушул сыяктуу мекемелеринин ортосунда байланыш түзүүнү, улуу казак ойчулунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган илимий иш-чараларды, адабий кечелерди, көргөзмөлөрдү уюштуруу тууралуу сунуштарын айтышты.

 

Фото: 24.kz