Данэлия Тулешова America's Got Talent шоусунун 3-турунда өнөр тартуулады

Данэлия Тулешова America's Got Talent  шоусунун 3-турунда өнөр тартуулады

Казакстандык жаш ырчы Данэлия Тулешова америкалык America's Got Talent шоусунун үчүнчү айлампасында өнөр тартуулады. Өнөрпоз Sign of the Times ырын аткарды. Аталган видео таланттар шоусунун Youtube каналына жарыяланды.

«Казакстандык 14 жашар жылдыз Гарри Стайлздын Sign of the Times ырын өзгөчө аткарды!» - деп айтылат видеого жазылган маалыматта.

Ырчы өзүнүн видеосу социалдык тармакта жарыялангандан кийин күйөрмандарына таянып, өзүнө добуш берүүгө чакырды. Ал эми анын өнөрүнө күбө болгон күйөрмандар жылуу сөздөрүн жазышууда.  

«Мен таңкы төрткө чейин уктаган жокмун. Күттүм. Күткөнүм бекерге кеткен жок. Керемет таасир алдым. Өзгөчө. Анын башка ырлары да абдан жагат. Данэлия угармандарды өзүнө бура алды. Анын кооз үнүн тыңдоо - ажайып кубулуш. Аны бүткүл дүйнөдө жакшы көрөт», - деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу Дмитрий Кузнецов.

Эске салсак, Данэлия Тулешова теке айынын соңунда америкалык America’s Got шоу долбоорунун үчүнчү туруна өткөн. Ал калыстарды да, күйөрмандарды да таң калтырган. Анын өнөрүнө таазим эткен залдагы көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышты.

 

Фото: inform.kz