Карагандыда алгачкы «Адабий аялдама» пайда болду

Карагандыда алгачкы «Адабий аялдама» пайда болду

Абайдын он бешинчи «Кара сөзүн»  үч тилде окуу, анын портрети менен таанышуу, Касым Аманжоловдун, Мукагали Макатаевдин жана Султанмахмут Торайгыровдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуу. Караганды шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде «Адабий аялдама» пайда болду. «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында ишке ашырылган долбоор Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине арналган. Муну менен уюштуруучулар казак акындарынын чыгармаларын кеңири жайылтууну мерчемдөөдө.

«Биздин негизги максатыбыз - элди улуу Абайдын чыгармалары менен тааныштыруу. Анын кара сөздөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогонун жеткизүү, ошондой эле,  өлкөнүн жана Караганды шаарынын акындарын даңазалоо», - дейт Караганды шаарынын маданият жана тилдерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Баян Нуртаева.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта дагы бир «Адабий аялдаманы» шаардын башкы көчөлөрүнүн бирине орнотуу пландалууда. Чыгармалар түндө да көрүнүшү үчүн аялдаманын дубалдарына жарыктар орнотулган.  Уюштуруучулардын айтымында, келечекте аялдамада ырлар өзгөртүлүп турат. Жергиликтүү авторлордун эмгектери дагы ушул жерде коюлат. Эгерде долбоор калк тарабынан колдоо тапса, мындай адабий аялдамалар шаардын башка көчөлөрүндө да пайда болот.

 

Фото: ainews.kz