Улуу Абайга арналат: Нур-Султанда акындын ырларын окуу боюнча онлайн-сынак өттү

Улуу Абайга арналат: Нур-Султанда акындын ырларын окуу боюнча онлайн-сынак өттү

Казак адабиятынын улуу классиги, акындын ырларынын маанисин терең түшүнүү жана чыгармаларды окууга жаңыча мамиле кылуу. Бул Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына арналган онлайн сынактын негизги шарттары. Чыгармачыл сынактын кезектеги сезонунун демилгечиси - борбордогу Орусиянын илим жана маданият борбору.

«Балдардын акындын ырларын  тез чечмелеп, анын чыгармачылыгын терең түшүнүп калышканына таң калдык. Ар бир катышуучуга биздин борбордон эстеликке сыйлыктар  берилет. Ал эми жеңүүчүлөр бештин айына мерчемделген сезондун финалында ат салышат», -  деп маалымдалы Орусия илим жана маданият борборунун программалар боюнча координатору Ольга Скальчук.

«Абай vs Abai» сынагына Казакстандын булуң-бурчунан катышуучулар чогулган. Борбор калаадагы студенттерден тышкары Каркаралы, Петропавл, Тараз, Темиртау шаарларынан видео кайрылуулар келип түшкөн. Ар бир катышуучу Абайдын өзү жактырган бир ырын тандап, аны өзү каалаган тилде окуйт. Ырды окуу жана аны видео менен кооздоо жагына эркиндик берилген.

«Студенттер арасындагы ыр айтыш өткөрүү - Орусиянын Борбору тарабынан жакында киргизилген ноу-хау. Өткөн жылы биринчи сезондо долбоорду улантуу жөнүндө балдардан, ата-энелерден жана мугалимдерден көптөгөн өтүнүчтөр келип түшкөн. Карантинге карабастан биз адабий сынактарды өткөрүүнүн жаңы форматын тапканыбызга абдан кубанычтабыз», − дейт долбоордун координатору, белгилүү кино сынчы жана өнөр таануучу Александра Лумпова.

Кийинки адабий сынак аяк оона айында өтөт. Анын темасы жакынкы арада Казакстандагы Орусиянын илим жана маданият борборунун расмий сайтында жарыяланат.

 

Фото: 38-oskemen.mektebi.kz