Казакстандык режиссёр Швейцарияда байгеге ээ болду

Казакстандык режиссёр Швейцарияда байгеге ээ болду

Локарно шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда казакстандык «Цивилизация тарыхы» фильми «Күмүш кабылан» сыйлыгына ээ болду. Фильмдин режиссёру - Жаннат Алшанова. Сыйлык тапшыруу аземи онлайн режиминде өттү, деп маалымдайт Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги.

Жаннат Алшанованын «Цивилизация тарыхы» фильми 2019-жылы Алматыда тартылган. Башкы ролдорду композитор Акмарал Зыкаева (Мерген) жана сүрөтчү Айдар Алимбаев ойногон. Картинанын коюучу-оператору - португалиялык Леандро Ферран.

Бул казак режиссёрунун Локарно фестивалына үчүнчү жолу катышуусу. 2018-жылы аталган сынактын негизги конкурстук программасына киргизилген «Биз ыраазыбыз»  толук-метраждуу фильмине Жаннат Алшанова биргелешип продюсерлик кылган.

Мындан тышкары, Жаннат 2019-жылы Бела Таррдын режиссёрдук студиясына барып «Паола каалоолору» тасмасын тарткан. Чыгарманын дүйнөлүк премьерасы Локарно шаарында болуп, ал эми фильм 2020-жылы үчтүн айында Сандэнс фестивалына катышкан.

Кино дүйнөсүндө ийгиликтүү кадамдары менен таанылып жүргөн ата мекендик режиссёрду өлкөнүн Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

 

Фото: express-k.kz


×