«Менин Казакстаным» челленджи: чет элдик өнөр сүйүүчүлөр «Кубаныч вальсын» аткарды

«Менин Казакстаным» челленджи: чет элдик өнөр сүйүүчүлөр «Кубаныч вальсын» аткарды

Быйыл белгилүү казак композитору, өлкөнүн Эл артисти Шамши Калдаяковдун туулганына 90 жыл толду. «Казак вальсынын падышасы» мааракесинин урматына Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги «Менин Казакстаным» музыкалык чакыруусун уюштурду. Бул тууралуу бөлүмдүн Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

Долбоордун өзгөчөлүгү - аны «Казак музыкасынын алтын үнү» музыка дүйнөсүнүн ардагери Бибигүл Төлегенованын аткаргандыгында. Шамши Калдаяковдун замандашы Бибигүл Ахмет кызы биринчилерден болуп композитордун «Кайыкта» ырын аткарган. Жаштыгын эскерип, таланттуу ырчы бул ырды дагы бир жолу көрүүчүлөргө тартуулады. Ошондой эле, Бибигүл Төлегенова «Менин Казакстаным» эл аралык музыкалык челленджин улантуу үчүн эстафетаны ата мекендик эстрада жылдыздарына, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жолдоду.

Музыкалык марафонго бир катар чет элдик өнөр ээлери да кошулду. Алардын катарында Украина, Кыргызстан, Армения, Германия, Болгария, Башкортостан жана Бурятиянын артисттери да бар. Алар Шамшинин лирикалык, мелодиялык, назик ырларынын бири - «Кубаныч вальсын» казак тилинде аткарды. Ошентип, ырчылар «Казак вальсынын падышасы» чындап эле дүйнөлүк деңгээлдеги композитор экендигин дагы бир жолу далилдешти.

Келечекте белгилүү жылдыздарды жана таланттуу актёрлорду, атактуу спортчуларды жана бардык казакстандыктарды бириктире турган музыкалык чакырык көрүүчүлөрдү таң калтырары шексиз.

 

Фото: elorda.info