КЭА: Абайга арналган видеороликтер онлайн-фестивалы аяктады

КЭА: Абайга арналган видеороликтер онлайн-фестивалы аяктады

КЭА Абайдын күнүнө арналган онлайн-фестивалдын жыйынтыгын чыгарат. Айтмакчы, бул кароо-сынак коомчулукта зор кызыгуу жаратты. Башында уюштуруучулар фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан 175 этностун өкүлдөрү катышат деп ойлошкон. Бирок күн сайын калыстар тобунун кароосуна улам жаңы видеороликтер келип, топтом жалпы 700 ашык эмгекти түздү. Алардын басымдуу бөлүгү казак тилинде аткарылган улуу акындын ырлары жана котормолору. 127 чыгарманы сынак катышуучулары башка тилдерде окуп беришкен. 100 ашык киши ырлар композициясын ырдап жаздырып жөнөткөн.

Эске салсак, кароо-сынактын башкы шарты казак адабиятынын классигинин чыгармаларынан каалаган үзүндүдөн декламация айтуу жана өзүнүн аткаруусундагы видеороликти социалдык тармактарга жайгаштыруу болгон. Мында Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаев дагы четте калган жок. Ал Абайдын 37-насаат сөзүн окуп жаздырган. Бардык видеоматериалдар КЭА сайтына, Facebook, Instagram, Вконтакте, Youtube, Telegramm жана башка ар түрдүү маалыматтык сайттарга жайгаштырылган.