Казакстанда «Балдар Евровидениесине» билдирме кабыл алуу башталды

Казакстанда «Балдар Евровидениесине» билдирме кабыл алуу башталды

«Хабар» агенттиги Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги менен биргеликте Junior Eurovision Song Contest эл аралык ыр сынагынын улуттук тандоосуна катышуу үчүн билдирме кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. Ал сынакка 9 жаштан 14 жашка чейинки аткаруучулар катышат алат.

Айта кетсек, тандоо 4 баскычтан турат.

Биринчиси – бул билдирмелерди жыйноо. Катышуучуларга баш оонанын 20-күнүнө чейин анкета толтуруу жана жеке аткаруусундагы видео тасманы улуттук тандоо сайтына жүктөө зарыл.

Экинчи баскычта калыстар тобу 30 күчтүү катышуучуну тандап алат.

Үчүнчү баскычта онлайн-добуш берүү өтөт, ал jevision.khabar.kz сайтында болот. Анда казакстандыктар өздөрү артыкчылык берген катышуучуга добушун бере алышат. Онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 12 финалист аныкталат.

Төртүнчү баскычта жаш таланттар алар үчүн атайын өлкөнүн белгилүү композиторлору жазган ырларды аткаруу боюнча дараметин сынашат.

Жеңүүчүнү калыстар тобунун мүчөлөрүнүн баасы жана SMS-добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкташат. Мында эң көп добуш алган катышуучу Казакстандын атынан «Балдар Евровидениесине» катышат. Эл аралык сынактын финалы жетинин айынын 29-күнүндө Польшанын Варшава шаарында өтөт.   

Эске салсак, Казакстан JuniorEurovisionSongContest сынагына быйыл үчүнчү жолу катышып жатат. 2018-жылы сынакка Данэлия Тулешова «Өзүңө ишен» ыры менен катышкан. Өткөн жылы Ержан Максим «Арманыңнан қалма» композициясы менен экинчи орунду ээлеген.

 

Фото: yandex.kz