«Абайдын мурасы адеп-ахлак багыт катары» виртуалдык видео көргөзмөсү ачылды

«Абайдын мурасы адеп-ахлак багыт катары» виртуалдык видео көргөзмөсү ачылды

Улуу ойчулдун 175 жылдыгына карата Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин китепканасы виртуалдык видео көргөзмө сунуштайт. Эл башынын жеке архивиндеги материалдардан, китепкананын музей жана китеп жыйнактарынан турган экспозиция философ, адабиятчы, акын жана музыкалык гений Абайдын мурасын сактоо жана жайылтуу тарыхын көрсөтөт. 

Алардын ичинде Нурсултан Назарбаевдин 1995-жылы баш оона айынын 9-күнүндө Алматыда Абай Кунанбай уулунун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйындагы сүйлөгөн сөзү бар. Эске салсак, ошол жыл казак акынынын көп кырдуу мурасын дагы көбүрөөк адамдарга ачып берүү үчүн ЮНЕСКО тарабынан «Абайдын жылы» деп жарыяланган.   

Китепкана өкүлдөрү белгилегендей, улуу ойчул-гуманист чет элдик жазуучулардын классикалык чыгармалары менен жердештерин тааныштырып, өз элине дүйнөнү бүткүл көркөмдүүлүгү менен ачып берген.

Андыктан бүгүн XXI кылымдын өкүлдөрү Абайды улуттук чек араларсыз гуманизмдин символу деп эсептешет. Алардын айтымында, ал зомбулуктан, улуттук обочолонуудан эркин, эң абройлуу аянттарда Казакстандын Биринчи Президенти тарабынан жарыяланган казакстандык тынчтыктын жалпы таанылган модели болуп калды.

Бул көргөзмө далилдегендей, Абай бардык мезгилдерде бабалардын башкы рухий баалуулуктарынын улантуучулугу сакталып келген адеп-ахлак багыты болгон жана ошол бойдон кала бермекчи. 

Экспозиция материалдары менен Биринчи Президенттин китепканасынын сайтындагы «Виртуалдык көргөзмөлөр» бөлүмүнөн таанышууга болот.

Фото: presidentlibray.kz