Казакстандык кино чет элдик көрүүчүлөрдү багындырууда

Казакстандык кино чет элдик көрүүчүлөрдү багындырууда

Казакстандык режиссёр Адилхан Ержановдун «Сары мышык» көркөм фильми 77-Венеция эл аралык кинофестивалынын «Көк жээктер» сынактык программасына катышат. Дүйнөдөгү эң ири жана абройлуу фестивалдардын бири ушул жылдын аяк оона айынын 2-12 аралыгында түз эфирде өтөт. «Бонни менен Клайддын» окуясын баяндаган чыгарманын автору өлкөдөгү кырдаал турукташкандан кийин эл аралык сынакка барып-келүүнү көздөп жатат.

«Менимче Венеция кинофестивалынын мурунку форматта өткөрүлүшү ар кандай фильмдер үчүн чоң ийгилик. Бул мүмкүнчүлүк үчүн фестивалдын тандоочуларына жана чыгармачыл жамаатка рахмат айтам», - деди Адилхан Ержанов.

Тасмада түрмөдөн бошотулуп, өлкөгө кайтып келген Кермек аттуу жаш жигит өзүнүн төрөлүп-өскөн шаарында белгилүү бир кылмыштуу топ өз мыйзамдарын орнотконун көрөт. Анын сүйгөнү Ева да ушул адамдардын кысымына кабылып, Кермек кылмыш жасоого аргасыз болгон, бирок ал өзүнүн курбусу менен эркиндикке жетүүнү жана кинотеатр куруу боюнча кыялын ишке ашырмак болгон.

 «Мен үчүн Кермек - биздин каармандардын эң мыктысы жана анын ушундай оор мезгилде пайда болуусунун бир мааниси бар. Ал заманбап фольклордук мүнөзгө ээ. Бүгүнкү коомдон айырмаланып, ал ачык көз караштагы адам. Кермекти актёр Азамат Нигманов ойнойт. Ал өз ролун абдан жакшы ойноду жана мен күткөндөй болуп чыкты. Чынын айтканда, бул иште эмне өзгөчө экендигин айтуу кыйын. Мен үчүн эң негизгиси жакшылыкка, жүрөктүн тазалыгына жана аруулукка чакырган фильм тартуу болду», - дейт режиссёр.  

Азыр жергиликтүү режиссёр Инкар Абдраштын «Умай» кыска метраждуу тасмасы Словакияда ай сайын өтө турган Kosece International Monthly Film Festival эл аралык кинофестивалында «Мыкты режиссёр-дебютант» сыйлыгын жеңип алды. Казакфильмдин маалыматы боюнча, KIMFF фестивалынын максаты - дүйнө жүзүндөгү таланттуу режиссёрлорду колдоо жана жайылтуу. Словакиянын жаш кинематографисттеринен турган фестивалдын калыстар тобу жеңүүчүлөрдү ай сайын аныктап келет. Жылдын аягында жеңүүчүлөр өз номинациялары боюнча кинофестивалдын башкы сыйлыгы үчүн ат салышат. Жыл сайын сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын бугу айынын 26-28 аралыгына белгиленген.

Эске салсак, Инкар Абдраштын дебюттук тасмасында өзүмчүл актрисанын жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн жетим балдар үйүнүн тарбиялануучусу жөнүндө баяндалат.

 

Фото: inform.kz