Данэлия Тулешова America’s Got Talent сынагынын үчүнчү туруна өттү

Данэлия Тулешова America’s Got Talent сынагынын үчүнчү туруна өттү

Казак өнөрпозу кошумча эч бир угууларсыз кийинки этапка жолдомо алды. Дүйнө жүзүнө белгилүү сынак коронавирустун жайылышына байланыштуу онлайн режиминде өтүп жатат. Экинчи турда Данэлиянын аткаруусу калыстар тобу тарабынан эч кандай талкуусуз кабыл алынган. Азыр казак ырчысы үчүнчү айлампага даярданууда. Кийинки баскыч качан жана кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз. Бирок Данэлия лирикалык ырды тандай турганы айтылууда.

Мындан мурун Данэлия America's Got Talent шоу долбоорунун калыстар тобун жана америкалык аудиторияны таң калтырган. Ал канадалык ырчы Faouzia'нын Tears of Gold чыгармасын аткарган. Анын аткаруусуна суктанган көрүүчүлөр ордунан туруп, кол чаап коштоп турушкан.

 

Фото: zakon.kz