«Абайдын кара сөздөрү» Казакстандын рекорддор китебине кирди

«Абайдын кара сөздөрү» Казакстандын рекорддор китебине кирди

Абайдын 175 жылдык мааракесине арналган 27 килограммдык китеп Чыгыш Казакстан облусунун Караул айылындагы М. Ауэзов атындагы Борборлоштурулган китепканасына белекке берилди. Абай районунун ички саясат бөлүмүнүн маалыматы боюнча, ал Шымкенттеги №1 жалпы орто  кечки мектеби тарабынан иштелип чыккан.

«Китепти ар бир адамдын окуп, көрүүсүнө мүмкүнчүлүк бар», - дейт Чыгыш Казакстан облусунун Абай районунун ички саясат бөлүмүнүн башчысы Бурхан Муратов.

Бүгүнкү күндө басылма Казакстандын рекорддор китебине кирди. Анын бийиктиги 122 см, туурасы 90 см жана калыңдыгы 2-3 см. Китептин мукабасы винилден жасалган.

«Биз китепти Абайдын «Жидебай-Бөрили» мамлекеттик тарыхый-маданий жана адабий-мемориалдык корук-музейинде көпчүлүктүн назарына сунуштоого даярбыз», - деп атап өттү М.Ауэзов атындагы борборлоштурулган китепкана мүдүрү  Дина Камал.

Уникалдуу басылманын бет ачар аземинен кийин көрүүчүлөр улуу Абайдын ырларын окуп, обондорун аткарышты.