Дүйнө тааныган Абай

Дүйнө тааныган Абай

Москвада «Абай окуулары» өттү. Иш-чара шаардын борборундагы улуу акындын эстелигинин жанында казак диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулду. Ага белгилүү музыканттар, сүрөтчүлөр, студенттер, Абайдын чыгармаларын сүйүп окуган окурмандар катышты. Алар Абайдын ырларынан, кара сөздөрүнөн үзүндүлөрдү окуп беришти.

 «Абайдын кара сөздөрү жана акылман сөздөрү жашообузга үлгү жана келечегибиз үчүн чоң сабак болду деп ойлойм. Өзүбүз окусак, бул биздин жаштарга үлгү деп эсептейм», - дейт Москва тургуну Гүлмай  Хамеденова.

Жыл сайын Москвада Абай окууларын өткөрүү жакшы салтка айланган. Бирок пандемияга байланыштуу быйылкы план бир аз өзгөрдү. Ага карабай Казак Улуттук-Маданий Автономиясы жана Москвадагы Улуттар Үйү жакын арада Абай окууларынын экинчи этабын  өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

«Абайдын сөздөрү чындыгында алтын. Жүз жыл болобу, миң жыл болобу, бул кишинин сөздөрү кала берет. Андыктан жаштар муну угушу керек», - дейт иш-чарага катышкан жергиликтүү тургун Амантай Рахметов.

«Абай окуулары» Берлин шаарында да  уюштурулду. Иш-чара Казакстандын Германиядагы элчилиги жана казак-немис коому тарабынан улуу ойчул, акын жана казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына арналган эл аралык видео-конференциянын алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуучулар Абайдын жашоосу жана ар кайсы өлкөлөрдүн маданий жактан байышына кошкон салымы боюнча тематикалык лекцияларды угушту.

«Бүгүнкү күндө казак адабиятынын бул шедеврлери Казакстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, маданият жаатындагы эки тараптуу байланыштарды, саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүп жатат», - деп атап өттү Казакстандын ГФР элчиси Даурен Карипов.

Быйыл Казакстанда жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде ЮНЕСКОнун колдоосу менен акыйкаттык, чынчылдык, боорукердик жана патриотизм идеяларына негизделген казак акыны жана ойчулунун философиясын жайылтуу максатында беш жүздөн ашуун ар кандай иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.


×