Семейде Абайдын 175 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө ачылды

Семейде Абайдын 175 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө ачылды

Абай туулуп өскөн жерди улуктап, акындын мурастарын тааныштырууну максат кылган иш-чара Семейдеги Фёдор Достоевский атындагы Адабий-мемориалдык музейде уюштурулду. Улуу акындын 175 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө 150 экспонат коомчулуктун назарына коюлду. Алар байыркы сүрөттөр, китептер, сейрек кездешүүчү документтер жана көркөм чыгармалар.

«Көргөзмөдө музей фондунан көптөгөн кызыктуу экспонаттарды чогулттук. Алар Абай дүйнөсү китептер жыйнагы, ошондой эле, жазуучулардын кол тамгасы коюлган чыгармалар да бар», - деп атап өттү Ф.М. Достоевский атындагы адабий мемориалдык музейинин кызматкери Владимира Соловьёва.

Көргөзмө аяк оона айынын аягына чейин уланат жана аны музейдин социалдык тармактарында жана расмий баракчаларында көрүүгө болот.