«Абай ырлары» онлайн-сынагынын башталышына эки күн калды

«Абай ырлары» онлайн-сынагынын башталышына эки күн калды

Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине арналган республикалык сынак кесипкөй эмес аткаруучуларга арналат. Өнөр сынагына ар бир казакстандык жана түрк тилдүү мамлекеттин өкүлдөрү катыша алышат. Ал теке айынын 13дө башталып, баш оона айынын 9на чейин созулат. Демилгени Абай атындагы опера жана балет театры көтөрүп жатат.

Сынакта багын сынап көрүүнү каалагандар Абай Кунанбай уулунун чыгармасын аткарып, видеого тартып, калыстар тобуна жөнөтүшү керек. Катышуучулардын видеолору театрдын расмий YouTube каналына жайгаштырылат. Жеңүүчүлөр жаш курактык топтор боюнча ачык добуш берүү аркылуу аныкталат жана алардын ысымдары баш оона айынын 10да жарыяланат. Аларга ыраазычылык каттар жана дипломдор тапшырылат. Ал эми өзгөчөлөнгөн өнөрпоздорду театрдагы спектаклдарга чакыруу мерчемделген.

Сынакка катышуунун шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты театрдын www.gatob.kz расмий сайтынан жана социалдык тармактардагы аккаунттарынан алууга болот.

 

Фото: gatob.kz